www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мексикада тогуз адамдын жансыз денеси табылды

Мексиканын Мичоакан штатындагы лагерде тогуз адамдын сөөгү табылды. Азыркы учурда тергөө иштери башталганын жергиликтүү башкы прократуранын басма сөз кызматы интернет булактары аркылуу билдирди.

Сөөктөр Ситакуаро муниципалитетинен дүйшөмбү күнү табылган. Окуя болгон жерден кылмыш иштерин иликтөө адистери унаанын ичинен 8 эркек, бир аял кишинин жансыз денесин табышкан.

Табылган жансыз денелер ок атышуудан каза болгон деген божомолдор айтылууда.

Учурда өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык эксперттер иштеп жатат. Азырынча каза болгондордун өздүгү тактала элек.

"Башкы прокуратура фактыларды жана күнөөлүүлөрдү аныктоо максатында тергөө иштерин улантууда", - деп айтылат прокуратуранын билдирүүсүндө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости