www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн мамлекеттик сынактары кандай болот?

2020-жылдын мектеп бүтүрүүчүлөрү сынактарды онлайн режимде өткөрүүсү пландалып жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров өкмөттөгү брифингде билдирди.

Анын билдиргенине таянсак, окуу процесси өз мөөнөтүндө аяктайт. Ал үчүн дистанттык билим берүү технологиялары колдонулат.
«Жалпы республикалык тестирлөөнү жокко чыгаруу маселеси каралган эмес, жылдыруу маселеси каралышы керек. Тестирлөө май айында болот. Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору менен иштеп жатабыз. Кийинки жагдайга жараша иштер жүргүзүлөт», - деди Өмүров.

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости