www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мектеп директорлорунун орточо айлык акысы канча?

Кыргызстанда мектеп директорлорунун орточо айлык акысы 15 миң сом. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

"Өлкөдө мугалимдердин маянасы жогорулаганда мектеп жетекчилериники көтөрүлгөн эмес. Директорлор тандалган соң, айлыкты күзүндө жогорулатуу пландалып жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин, президенттин жарлыгы боюнча, өлкөдө беш жылдан ашык иштеген 966 мектеп жетекчиси кызматтан алынган. Жаңылары эми сынактын жыйынтыгы менен беш жылга дайындалат. Мектеп директорлорун тандоо 11-августта Баткенде баштала турганы айтылды.

Эске салсак, 1-апрелден тарта мугалим, актер, китепканачы сыяктуу социалдык, маданият, саламаттык сактоо тармактарынын 309 миңге жакын кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулаган. Ага 2022-жылдын 9 айына кошумча 26 миллиард сом бөлүнгөнү айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости