www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 27-мартында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги «Кабар» маалымат агенттигинде маалымат жыйын өткөрдү.
Жыйынга министрдин орун басары Надира Джусупбекова, Мектептик билим берүү башкармалыгынын башчысы Мелисбек Музулманов жана Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева катышты.
Агартуу министрлиги тарабынан «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарына балдарды электрондук каттоо» санариптик технологиялык системасы жөнүндө жобо бекитилди. Документ системанын иштөө тартибин, процесске катышуучулардын укук-милдеттерин, ошондой эле балдарды мектептердин биринчи классына кабыл алуу эрежелерин аныктайт.
«Электрондук каттоо» санариптик системасы (1mektep.edu.gov.kg) — бул биринчи класска кабыл алууда балдардын маалыматтарын каттоону жана иштетүүнү камсыз кылган мамлекеттик санариптик ресурс. Системаны киргизүүнүн негизги максаты — мектептерге кабыл алуу процессинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу жана ар бир баланын башталгыч жалпы билим алууга болгон тең укугун жана мүмкүнчүлүгүн камсыздоо.
Система ата-энелерге же мыйзамдуу өкүлдөргө баланы биринчи класска 1mektep.edu.gov.kg платформасы, «Түндүк» мобилдик тиркемеси жана башка мобилдик тиркемелер аркылуу аралыктан каттоого мүмкүндүк берет. Мында бардык жеке маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык корголот.
2026–2027-окуу жылына биринчи класска 2019-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин жана 2020-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин төрөлгөн балдар кабыл алынат.
Мектептерге кабыл алуу эки этап менен жүргүзүлөт.
Биринчи этап 2026-жылдын 1-апрелинде саат 10:00дө башталып, мектептин микроучастогунда жашаган (жашаган жери боюнча каттоосу бар) балдар үчүн каралган.
Экинчи этап 2026-жылдын 1-июнунда саат 10:00дө башталат. Бул этапта ата-энелер бош орундар бар болгон учурда каалаган мектепке арыз бере алышат.
Системанын техникалык оператору болуп «Түндүк» ААК аныкталган. Ал платформанын үзгүлтүксүз иштешин жана колдонуучулардын жеке маалыматтарынын коопсуздугун камсыз кылат.
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги болочок биринчи класстын окуучуларынын ата-энелерин балдарын «Электрондук каттоо» системасы аркылуу алдын ала каттоодон өткөрүүгө жана арыз берүү мөөнөттөрүнө кылдат көңүл бурууга чакырат.
Биринчи класска кабыл алууда баланын билим деңгээлин текшерүүгө багытталган тест, экзамен, маектешүү же башка тандоо формаларын өткөрүүгө жол берилбейт.
Каттоо тартиби жана кабыл алуу эрежелери тууралуу толук маалымат 1mektep.edu.gov.kg платформасында жайгаштырылган, ошондой эле 110 кыска номери иштейт.