www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн айрым кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Мамлекеттик башкаруу секторунда айрым кызматкерлерге материалдык дем берүүгө жана эмгек акысын теңдештирүүгө багытталган бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылынат:

1. Төмөнкүлөр белгиленсин:

1) 2026-жылдын 1-апрелинен тартып:

– техникалык жана кенже тейлөөчү персоналды кошпогондо, эмгек акы төлөө шарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечимдери менен жөнгө салынуучу билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, маалымат жана спорт, социалдык коргоо чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгек акысын теңдештирүү, тегеректөө жана 1 ставкага 15000 сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөмдү белгилөө менен көбөйтүү; – эмгек акы төлөө шарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечимдери менен жөнгө салынуучу бюджеттик мекемелердин техникалык жана кенже тейлөөчү персоналы, Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын, Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүмдөрүнүн жалданма жана жарандык персоналы үчүн 1 ставкага 5000 сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөм;

2) 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып:

– мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн айрым кызматкерлеринин кызматтык маянасына иштин татаалдыгы, сапаты, натыйжасы, кесиптик демилге көрсөткөндүгү, ченемге салынбаган иш күнү үчүн үстөктүн өлчөмүн 50 %га чейинки өлчөмдө көбөйтүү; – Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарын, Куралдуу Күчтөрүн жана башка аскердик түзүмдөрүн, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментин, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматын, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызматты, айрым контролдук-өткөрүү пункттарында кызматтык ишти жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматын жана Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментин, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу «АгроСмарт» мамлекеттик мекемесин, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борборунун (Суучулдар кызматы) айрым кызматкерлерин, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүн, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасын, атайын статусу бар мамлекеттик органдардын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттикти кошпогондо, мамлекеттик органдардын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн 15000 сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөм.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

1) бул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн;

2) «Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027–2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына белгиленген тартипте өзгөртүүлөрдү киргизсин.

3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 

Последние новости