www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги 26-февралда Билим АКИpress сайтынын «Кыргызстандын мектептерине хиджаб кийип барууга болобу?» деген суроосуна жооп берди.

«Мамлекеттик билим берүү уюмдарынын билим берүү жана тарбиялык ишмердүүлүгү КРнын «Билим берүү жөнүндө» мыйзамынын негизинде жүргүзүлөт. Мыйзамдын 4-беренесинде билим берүүчү уюмдун «билим берүүнүн диний институттардан көз карандысыздыгы» деген негизги принциптери жана билим берүү уюмдарында окутуунун динден тышкаркы мүнөзү көрсөтүлгөн.

КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-августундагы №572 токтому менен Кыргызстандагы билим берүү уюмдарында мектептик фоманын бирдиктүү талабы бекитилген. Анда мектеп окуучулары үчүн бир түстөгү (кара, көк, боз жана кочкул кызыл) кездемеден тигилген классикалык стилдеги форма каралган.

Балдар үчүн мектептик форма 3-4 бөлүктөн турат: ич көйнөк, желетке, шым жана бешмант, ал эми кыздар үчүн форма 2-6 бөлүктөн турат: блузка, желетке, юбка, шым, көйнөк, фартук же бешмант.

Бекитилген бирдиктүү талаптарга ылайык, жалпы билим берүүчү уюм ата-энелер менен биргеликте мектептик форманы өз алдынча тандайт». 

Булак: "akipress.org"

Последние новости