www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2021-жылы жазында Казандагы мектепте 9 адамды атып өлтүргөн Ильназ Галявиев өмүр бою эркинен ажыратылган жазасын "Черный дельфин" деген ат менен белгилүү болгон №6 колонияда өтөөрүн ТАСС агенттигине облустук прокуратура билдирди.

Маалым болгондой, ок аткан адамды өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмү 7-августта күчүнө кирди.

Ильназ Галявиев 2021-жылдын май айында Казандагы №175 гимназияда ок чыгарган. Натыйжада жети мектеп окуучусу жана эки мугалим: 26 жаштагы англис тили мугалими Эльвира Игнатьева жана 55 жаштагы башталгыч класстын мугалими Венера Айзатова каза болгон. Дагы 23 киши жараат алды.

Мындан тышкары, ал гимназиянын биринчи кабатына колго жасалган бомбаны орнотуп, жардырып, имараттын бир бөлүгүн талкалаган. Жалпысынан бул иш боюнча 600 адам жабырлануучу катары таанылган.

Кармалгандан кийин Галявиев күнөөсүн мойнуна алып, эч кандай оор оорусу жок экенин билдирген. 13-апрелде Татарстандын Жогорку соту аны өмүр бою өзгөчө режимдеги түзөтүү колониясына кескен.

Мамлекеттик айыптоочу Илназ Галявиевди биринчи беш жыл абакта, андан кийин өзгөчө режимдеги түзөтүү колониясында өмүр бою эркинен ажыратууну суранган. Адвокат өз кезегинде кылмыш жоопкерчилигинен бошотууну жана дарыланууга жөнөтүүнү суранган. Галявиев өзү жазадан абактагы биринчи беш жылды өтөө талабын алып салууну жана колонияда гана мөөнөтүн калтырууну суранды. Анткени, анын айтымында, мунун мааниси жок: себеби ал ансыз деле өмүр бою эркинен ажыратылган.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости