www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жазуучу, эркин журналист Мелис Арыпбеков "Жан дүйнө жаңырыгы" аталышындагы кыргыздын нарк-насили, тарыхы тууралуу жазган.
"Төрт тарабын Теңир-Тоолор курчаган ыйык көлдүн касиетине жараша, ал аймактан манасчы дастанчы, ырчы-чоорчу, комузчу түркүн чеберлер чыгышкан! Анткени, жер суусуна жараша, эли жери болот эмеспи! Кут түшүп, берекеси төгүлгөн керемет, ыйык көлдү, космостон караганда, Жер эненин соорусу арбап тураарын космонавттар айтышат! Ушундай касиетке ширелген жер соорусунан - Арстанбек менен Калыгулдай олуялар, Жети акелердей акылман, кеменгер, даанышмандар чыгышкан! Алар эл-жеринин намысы, сыймыгы, таянычы болушкан!
Кыргыз эли түпкүрүнөн нур жандуу, ыр жандуу, сыр жандуу, чебер эл экендигин карт тарых тастыктап келет! Жүздөгөн ыр-дастандары, көөнөрбөс, өрнөктүү, өзөктүү өнөр азыктары муундан-муунга оозеки түрүндө өтүп келгендиги, не деген сырдуу көрүнүш! Ааламзат менен адамзаттын сырын, ырын, чырын өзүнө камтыган дастан Манас, дүйнөдө теңдеши жок кайталангыс ааламдык сыр!
Дастан Манас, орус, демек көпүрө тилде айтканда, феноменально - уникальное явление, кыргызского устного сказания! Бесценное сокровище и кладезь народного духовного творения и наследия, передающая из поколения в поколения! Ааламдан аян болуп агылып, баян болуп жазылган ыр саптарды күндөп-түндөп, айлап-жылдап, күпүлдөп айткан манасчыларды кимдерге теңесе болот? Жан азык, күл азык, рух азык – кыргызга гана берилген укмуштуу сырдуу керемет! Кыргыз аркылуу адамзатты таң калтырган көркөмдүү, көөнөрбөс берекет!
Улутубуздун ууз башат, уют-куттуу, уңгу талаасында не деген сырлар камтылган? Эмнелер ага себепкер болгон? Жаратмандын жаратылышына, табиятка карата шайкештигинде болгон! Жер эне кучагын байырлаган байыркы кыргыз жандуу жана жансыз чөйрөнү ыйык туткандыгында болгон! Айлана чөйрөнү көздүн карегиндей асыраган аёолук, аруулугунда болгон! Анткени, байыркы ааламдашкан Теңир тилде, Асман Жааки – Жакып, Жер эне – Чыйырды же Бакдөөлөт! – делген. Манастын атасы Жакып, энеси Чыйырды! Ошондуктан, “Асман менен Жериңдин тирөөсүнөн бүткөндөй...” – делет!
Жаратылыш кыргыздын - жаны, каны, жашоонун табигый эреже мыйзамы! Айбанат түгүл, өсүмдүктөрдүн дагы тилин, дилин билген кыргыз! Жансыз тоо таштардын, жандуу мөлтүр суу дарактардын сырын, ырын, ыйын сезген кыргыз! Айрым сырдуу жерлерди ыйык тутуп, таазим этишкен! Сырдуу жайларга назарын салып, мага зар, андыктан Мазар деп сыйынышкан! Баласы жоктор зар какшап туяк, оорулуулар ден соолук тилешкен! Кургакчылыкта Жаратманга кайрылып, түлөө өткөзүп, жаан-чачынды суранган кыргыз! Айрым табияттын тилин, сырын жакшы билген жайчылар дайраны убактылуу музга айлантып, көчтү өткөзүп, кайра эритип салган!
Он сегиз миң аалам менен арбашып, сырдашкан Кыргыз! Ай менен күн, жылдыздардын айланышына, жаңырганына жараша эгин айдап, мал-жанын багып, көчүн улантып жер шарын кыдырган! “Кайың барбы кыргыз балта чаппаган, кырлар барбы кыргыз сөөгү жатпаган” – деп бекеринен айтылбайт. Андыктан, бүткүл жер шарынын булуң-бурчунда Манастын аты аталган! Кыргыздар чеккен Саймалуу-Таштар ушул күнгө чейин сакталып калган!
Өмүр-өлүм эриш аркак, уялаш да удаалаш, утурлаш да урпакташ, тамырлаш да тагдырлаш, кабарлаш да катарлаш, кайчылаш да канатташ. Кайып дүйнөдөн урпактар аркылуу кайрадан жаралат кыргыз! Анткени, адамдын жаны – Нур! Нурэл, Күнэл, Нуртукум, Күнтукум, Нурбала, Шамбала – деп жөн жеринен аталбаган! Кайсыл бир учурда, урпак түйүлдүк болуп жаралганда, нурданган жан түйүлдүккө кайрылып, жан киргизип, тогуз айдан кийин жаңыланып жаралат! Ошондуктан, “Өмүргө караганда, өлүм ак!” – деп бекеринен айтпайт кыргыз! Эми бул дагы өзүнчө өзөктүү өзгөчө сөз...
Ыйык көлдөн залкар жазуучулар - Түгөлбай Сыдыкбеков, Касымалы Жантошев, Мукай Элебаев, Омор Султанов, Эрнис Турсунов, Орозобек Айтымбетов, Бексултан Жакиев, Зуура Сооронбаева, Айгүл Узакбаевалардын чыгармачыл бешиги! Атактуу комузчулар - Карамолдо Орозов, Ыбырай Туманов, обончу аткаруучу Экия Муканбетов, Жапар Чабалдаев, Аксуубай Атабаевдын ыйык эшиги! Дүйнө жүзүн дүңгүрөткөн опера ырчысы - Болот Миңжылкыев, кинорежиссёр Төлөмүш Океев, уникалдуу алтын колдуу хирург Иса Ахунбаевдин алтын мекени!
Эң негизгиси, Кыргыз автоном совет республикасындагы он беш союздук толук кандуу республикага теңдеп, салымын кошкон ким болгон? Ленин менен Сталинди жакындан көрүп билген - Жусуп Абдрахманов болгон! Көлдөн алгачкы кыргыз окумуштуу профессор, тилчи, филолог Касым Тыныстанов болгон! Экөө тең репрессияга кабылышып, 1938-жылы атылып кетишкен.
Кыргыз байыртадан сөздү баарынан улук жана ыйык туткан кудуретке ширелген эл! Сөздүн баркын, өнөрдүн наркын, баатырдын антын сыйлаган эл! Бекеринен “Башында сөз болгон!” – деп, Ыйык китептерде айтылбаган! Себеби, Кыргыз өзү сөздүн башаты! Сөз – жан дүйнөнүн азыгы, маңызы, ойдун канаты! Андыктан, сөз бермети, сөз кудурети ааламдардага теңдеш! Сөз ыргагында, обондун кайрыктары камтылган! Андыктан, кыргыздар сөзгө, ыр-күүгө өзгөчө маани берген! Адамдын денесин балкытып, жаркыткан асыл заттар - жан менен рух! Экөө тең көзгө көрүнбөгөн, а бирок, эс-туюмуң сезип турган эбегейсиз күчтөр!
Булар денеден неси менен айырмаланып, эмнелер менен азыктанат? Алардын азыктары: кубулжуган үн, кудуреттүү сөз, обондуу ыр, мээрим чайган жылмаюу жана күлкү, жан дүйнөнү жаркыткан күүлөрдөн азыктанат! Жакшы сөз жан эргитет, жаманы – жан кейитет – делет. Жагымдуу сөзгө жараша дене дагы ыракатка батып, балкыйт! Көр оокаттын кулу эмес, рух азык, жан азыкка умтулгандар кимдер? Алар, ырчы-чоорчу, жан эргитип сөз баккан чечендер, манасчы, дастанчы, санжырачылар. Аларды эл Кудайдай тутуп, ар дайым эңсеп күтүп, пир тутушат! Сейрек жаралган чыгармачыл адамдардан нур жанып, аруулап турушат! Алардан өзгөчө күч-кубат жанып, жүздөрүнөн мээрим жаркып, айланасын тазалап, агартышат.
Алп манасчылар - Сагымбай Орозбаков, Саякбай Каралаев. Төкмө акындар - Токтогул, Жеңижок, Калык, Алымкул, Ысмайыл, Эстебес. Обончу ырчылар - Атай Огонбаев, Муса Баетов, Мыскал Өмүрканова, Ырысбай Абдыкадыров, Асанкалый Керимбаев, Элмирбек Иманалиев жана башкаларды эңсеп, сагынып угушат! Залкарлар өлбөстүккө айланышкан! Анткени, алардын кубулжуп-кулпунган мукамдуу обондуу ырлары адамзаттын жүрөгүнөн түнөк таап, жашай берет, кылымдардан кылымдарга уланып!
Адамзат ортосундагы универсалдуу тил, бул – музыка! Ага котормонун эч кереги жок. Музыка музанын кайрыктары кантип жаралат? Өзүнө эмнелерди камтып, сырданат? Кыргыз баласы үчүн таланттын тамыры, туу чокусу кайда? Баардыгы Манаста, ааламдык сырды, адамзат таарыхын өзүнө камтыган Манастын тили, дили, дити Теңирден! Ааламдардан аян болуп агылып, манасчылар аркылуу айтылып жаңырат! Доорлор добулбасы кагылып, добуштары жаңырат! Манас айтылган учурда, өткөн чак кайрылып, мезгилдер ыргактары ыргалып, кайрыктары кагылат! Аргымактар дүбүртү жарышып, ай-ааламдар кагышат! Бабалар кайрылып, мезгилдер театры ачылат! Байыркылардын элестери тартылып, каармандар алмашат!
Аткаруучунун дарамет-кудурет күчүнө жараша, күчтөнүп күпүлдөп, күүлөнүп айткан сайын өткөн чак кайталанат! Доорлор добуштары алмашып чамынат! Ааламдык муза кубулжуп, куюлуп, кулпунат! Түркүн ыр күүлөр угулуп жаңырат! Арбалган угармандын жан сезими эргип, арууланып кулпурат! Сенектик чырмаган сезимдер козголуп, нурданат! Ошондо...
Ошондо кербендер теребелде көрүнүп, Аккулада Манас заңкайып, капталында Бакай, Кошой аталар балпайып, сакалдары жайылып, Саралада Алманбет коштоп камынып, артында Кырк чоролор, Сыргак, Чубактар атырылып чамынып. Төбөдө, Алпкаракуш канат жайып, каалгып. Арстан жолборстор тиштерин арсайтып жоону тосуп... Ошентип...
Ошентип, кайып дүйнөдөн аталардын арбайлары кыргызды апааттуу алааматтан сактап турат. Себеби, Кайып дүйнөдөн орун алган мыктылар менен жакшылардын, баатырлар менен залкарлардын арбайлары, демек Нурга айланган жаны менен рухтары урпактары үчүн кам көрүп, аларды ар кандай сыноолордон сактап келишет! ".
Булак: NazarNews.kg