www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атырауда 14 жаштагы окуучу мектепке «мина» коюлду деп жалган маалымат таратканы аныкталды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.

«Мектептеги жардыруу тууралуу атайылап жалган маалымат берген адам аныкталды. Бул ошол эле мектептин 2008-жылы туулган окуучусу болуп чыкты. Ал ата-энеси менен бирге Атырау шаардык ички иштер бөлүмүнө чакырылган», — деп айтылат Казакстандын милициясынын маалыматында.

Бүгүн эртең менен Атырау шаарындагы №2 мектептин директору мектепке бомба коюлганы тууралуу саат 10.00дө түшкөн маалымат боюнча милицияга кабарлаган.

Милиция кызматкерлери мектептен 800дөй окуучуну жана 70 мугалимди эвакуациялаган.

Текшерүү учурунда эч кандай жардыргыч зат табылган эмес. Тергөө иштери башталды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости