www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ала-Бука районундагы Иштамберди кениндеги Full Gold Mining компаниясынын шахтасында болгон кырсыкты иликтөө үчүн мекемелер аралык комиссия түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Алтын казган шахтада эки киши газга ууланып каза тапкан.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Экологиялык жана техникалык коопсуздук кызматына алтын кен шахтасындагы газга уулануунун себептерин талдап чыгууну тапшырган.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине объектидеги коопсуздук техникасынын сакталышы жана аны камсыз кылуу боюнча көзөмөлдү күчөтүү тапшырылды деп айтылат расмий маалыматта.

Төрөбаев каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы шахтадагы өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу иштери анын жеке көзөмөлүндө экенин билдирди.

Ошондой эле Full Gold Mining компаниясы каза тапкандардын жана жабыркагандардын үй-бүлөсүнө тийиштүү жардамды көрсөтөт.

Ала-Букадагы алтын кендеги кырсык 11-октябрда түн ичинде болгон. Маалыматка караганда, 37 жана 24 жаштагы эки адам иске ууланып каза болгон. Жалпысынан 10 киши ууланып, ооруканага кайрылган. Алар үйүнө чыгарылганын жана абалы канааттандырарлык экенин аймактык оорукананын жетекчисинин орун басары Өмүралы Жээнтаев “Азаттыкка” билдирди.

Ууланган адамдардын баары Ала-Бука жана Чаткал райондорунун тургундары. Милиция окуянын чоо-жайын териштирүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости