www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кочкор районундагы Туз айылындагы мектепте эс-учун жоготуп жыгылган окуучуларда анемия, жүрөк, бронхит жана башка оорулар аныкталды. 

Эскерте кетсек, ата-энелердин кайрылууларынан кийин атайын түзүлгөн комиссия дубалдын ортосундагы пенаны алып, текшерүүгө жөнөткөн.

1 жолкусунда 20 эмес, 2013-жылдан бери 15ке жакын эсин жоготуп жыгылуу кырдаалы катталганын райондук билим берүү бөлүмүнөн тактап өтүштү. «Окуучулардын эсин жоготуп жыгылгандарынын себеби тууралуу азыр бир нерсе айтууга эрте. Бүгүнкү күндө курулуш материалынын анализдеринин жыйынтыгы лабораториядан келе элек», - дешти алар.

Улан Озубеков аталган кырдаалдар боюнча Туз айылынын администрациясы райондук мамлекеттик администрацияга кайрылганын айтты. Ал жактан санэпидемстанциянын жана билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлеринен турган комиссия түзүлгөн.

Мында ата-энелер да балдарына кайдыгер карап, өз учурунда дарыгерлерге кайрылбаптыр. Ошондуктан медициналык корутунду жок. Ата-энелер мектеп салынган курулуш материалдарынын жыттарын себеп кылышууда.

Белгилей кетсек, 2017-жылдын сентябрь айында окуучулар медициналык кароодон өтүшкөн. Мурда эсин жоготуп кулаган 3 окуучунун экөөсүндө анемия, бирөөсүндө тубаса жүрөк оорусу, төртүнчүсүндө аллергиялык бронхит, дагы экөөндө аллергиялык конъюнктивит аныкталган.

Аталган кырдаалдын себебин Бишкектеги лабораториядан анализдердин жыйынтыгын алгандан кийин гана айта алмакчыбыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости