www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мектептер үчүн талаптар жана 1-класстын окуучуларынын ата-энелерине сунуштамалар иштелип чыкты. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жалпы гигиена боюнча дарыгери Мария Кушубакова билдирди.
Аталган департамент Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте мектептер үчүн алгоритм иштеп чыкканы айтылат.
Талаптар жана сунуштамалар:
Ар бир класста окуучулардын саны азайтылышы керек, эгерде класста 25-30 окуучу болсо, аларды эки топко бөлүп, шахматтык тартипте отургузуу зарыл;
Мектеп директорлору санитардык талаптардын аткарылышына жана дезинфекциялоо иштерине жооптуу;
Балдар бет кап тагынып, атайын кол аарчыларды жана антисептиктерди пайдаланышы керек, аларды ата-энелери камсыздоого тийиш;
Мектептер дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыздалышы шарт;
Ата-энелерге балдарын өздөрү алып келип, алып кетүүсү сунушталат;
Аралыкты сактоо үчүн мектептерде эки чыгуу/кирүү эшиги болушу зарыл;
Санитардык ченемдерди жана тийиштүү шарттарды сактоо үчүн мектептер суу менен камсыздалып, канализация жана жылытуу сезонуна даярдык көрүлүшү керек.
Булак: NazarNews.kg