www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 28-сентябрдагы брифингде Кыргызстандагы окуу жана бала бакчалар боюнча Билим берүү жана илим министрлиги менен алгоритмдер түзүлгөнүн билдирди.

Анын айтымында, менчик бала бакчаларда балдардын саны аз, бардык талаптарды аткарганга мүмкүнчүлүк бар жана алардын иштешине уруксат берилген. Бирок мамлекеттик бала бакчаларда балдардын саны көп болгондуктан, аларды ачуу тууралуу маселе каралууда.

2-6-класска чейин балдарды мектептерде окутуу боюнча маселе да талкууланып жатат. Эгерде беткап тагынуу, социалдык аралыкты сактоо жана башка санитардык эрежелер сакталса, 2-6-класстардын мектептерге барып окушуна уруксат берилиши ыктымал. Андан башка класстардын жана Жогорку окуу жайлардын, орто билим берүү мекемелеринин студенттери азырынча онлайн окууну улантышат. Алардын окуусу кийинки этаптарда каралат.

Кыргызстанда коронавирус пандемиясына байланыштуу быйыл окуу жылы аралыктан аяктаган. Бала бакчалардын иши 23-марттан тартып токтотулган, ал эми мектептерде окуу жылы аралыктан жыйынтыкталган. Жаңы окуу жылындабиринчи класстын балдары гана мектепке барып окуп жатышат, калгандары аралыктан билим алууну улантууда.

Сентябрдын башында менчик бала бакчаларга гана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлорунун макулдугу менен иштөөгө уруксат берилген. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости