www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мектеп, бала бакчаларда, жемкордуктар тууралуу коңгуроолор кагылууда. Ата-эненин чөнтөгүн кактаган мындай кылмыштын мыйзам тамгаларына жамынган түрү республикада текши жүрүп жатканы жашыруун эмес. Социалдык түйүндөрдө так фактылар да көп келтирилет. Алардын бирин журналист Баяна Кулова келтирип берди.
- Ишемби күнү эжем "мен бошобой жатам, балдардын чогулушуна барып келчи. Анан да эскертүү ата-энелер эмне десе баарына макул болуп кол коюп кел"-деп калды. Ремонту эптеп жасалган мектепке кирип барып ата-энелерди таптым. Четкерээкте бир эже жөнөкөй кийими менен бутуна жамаачыланган көлөч кийип келиптир. Журналисттик инстинг менен аны дароо байкадым... Аңгыча чогулуш башталды. Менин алдымда алтындарды мойнуна тагынып кымбат кийинген эже олтурган. Көрсө ал ата-энелер комитетинин Төрайымы экен. Класс жетекчи бизге мектепке жардам берүүгө макулдугубузду берип протокол бекитишибиз керектигин, ал акчалар мектептин каражатына, пол жууган чүпүрөк, бор алууга кетээрин айтты. Ошондо ай сайын 200 сомдон берип турат экенбиз. (Төрт балага 800 сом биздин үйдөн)....Андан сырткары мектептин ремонтуна 500 сом берээрибизге макулдук берсек кол коюуубузду айтты... Мен балдар боюнча маселе айтабы дегем. Жок жалаң гана акча жана акча жана акча!! Баягы алтын тагынган эжеке бизди колдоп коюшубуз керектигин, балдарыбыз окуурун, 200 сом акча эместигин айтып өзүнчө эле кыйын. Ал го берсин тиги көлөч кийип келген эже жыргаганынан келдиби ошол жерге? ушул ысыкта ким кийет көлөчтү!! Ошол жерден чарт жарылып кеттим. 200 сомдон чогултуу ашыкча экендигин, бор, чака, чүпүрөктөргө анча кетпестигин, 500 сомдон чогулткан акчанын отчетун берүүнү талап кылдым. Бүжүрөп ата-энелер сүйлөбөй, ошол жерден концерт башталды. Кыскасы кырылышып мушташып 200 сомду 50 сомго түшүрттүк, 500 сомду болсо министрлик менен мэриянын чечимин көрсөтүүсүн талап кылсам директор келип акыл үйрөтөт мага. 500 сомдон чогулткудай ремонт деле болбоптур. Сапырылган миллиондор кайда кетип жатканын айта алышпайт... Ата-энелер баарына макул, эптеп балам окуп калса экен деп. Министрлик болсо факты сурайт. Кайсы ата-эне берет экен фактыны!! Бир эки кызматкерин ата-эне кылып жиберип көрсүнчү сынамакка. Факты чекесинен чыгат. Мен кепил болуп берем деп өкмөттүн өкүлү өзү барып ата-энелер менен жолуксунчу, тири шумдуктардын баарын айтып беришсин...
Мугалимдер чакчаңдашат мектепти салып коюшкансып.... Ошентип кол койбой урушуп кырылышып баарына макул болбой мыйзамдуу жолун издеп жаткам. Кечээ эжемди чакыртып туруп "4 балаңды чыгарып салабыз же кол кой"-деп кол койдуруп салышыптыр. "Балдарым окуудан чыгып калса кайсы директорго пара берип жалдырайм, окуу жылы башталып калды. Сен журналисттигиңди мага жасаба"-деп урушат эжем.... Мына ушундай шаардын мектептери. Ата-энелердин жүрөгүнүн сары суусун алып бүтүшкөн. Факты бербейт алар чирип байып коррупция жасашат бирок айлыгым аз деп өкмөткө өлүгүн артышат. Өкмөттөгүлөр ушулардын айлыгын бербесе да сонун жашай турган шартта турушат... Кыскасы мектеп темасы ушунчалык чырмалыптыр, амазонканын чытырман токойлору жолдо калат... Кыязы буларга президенттин да алы жетпейт менимче!
Булак: NazarNews.kg