www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

5-6-март күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайында алыш күрөш боюнча өлкө чемпионаты өтөт. Мелдеште быйылкы сентябрь айында өтүүчү III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына спортчулар тандалат. Бул тууралуу Жаштар иштери жана спорт агенттигинин маалымат бөлүмү билдирди.

Мелдеш кыздар жана балдар арасында өткөрүлүп өлкөнүн бардык аймактарынан балбандар катышат. Чемпионатты өткөрүүгө мамлекеттен 158 миң сом бөлүнгөн.

2018-жылы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2-сентябрда башталат. Ачылышы Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо болот.

"Көчмөндөр оюнунда" улуттук спорттун 36 түрүнөн таймаштар өтөт. Ага 80 мамлекеттен 3000 спортчу катышары күтүлүүдө. Андан тышкары, 50 өлкөдөн журналисттер келет.

III дүйнөлүк "Көчмөндөр оюндарына" даярдык 2017-жылдын 15-декабрында башталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости