www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбектерге берилип жаткан төрт пансионат бойунча көз караш. Азыркы бийликтин ак карасын, бирдей тартынып тайманып тайсалдабай, айтып жазып келемин. Өзгөчө, кетирген кемчиликтерин, а түгүл саткындыгын. А бир ак, адилет үчүн, айрым жакшы жактарын деле эске алып, акыйкат сөздү айтсак, неге болбосун?

Ыйык-Көл жээгиндеги төрт каралбай калган пансионаттар бойунча сөз айтсам, анда, алгач ижара - аренда деген сөздүн маани маңызын карап көрөлүк. Ал эмнени түшүндүрөт? Бирөөнүн менчик үй-жайын, демек курулуш имаратын, келишим түрүндө, убактылуу пайдаланууга берилген жайды ижара - аренда делет. Туурабы? - туураланбаган туугандар.

Азыркы учурда, Көл жээгиндеги каралбай, урап керектен чыгып бараткан пансионаттар абдан арбын экен. Тилекке каршы анын себептери толтура. Ал жагына токтолбой эле койолук.

Садыр Жапаров, "бекеринен кыргыздар жалкообуз" - дебеди да. Эми ал жагынын дагы чындыгы бар. Үлүшкө берилген жерлер каралбай, ото басып куурап калган короолор, огороддор толтура. Эки түп алма бак тигип койгонго жарабайбыз.

Чынбы?

Бизге караганда, өзбек туугандар жүз эсе ишмер, алакандай какыраган жерди гүлдөтүп, мөмө жемиштери көздүн жоосун алдырат. Туурабы?

Ижарага алынган пансионаттарды, келечекте түп тамыры менен башка жакка көчүрүп кетүүгө эч мүмкүн эмес. Кандай болгон күндө да ал кыргыздын жеринде калаберет. Ошондойбу?

Экинчиден, ал эс алуу жайларда жергиликтүү элдин өкүлдөрү ээн-эркин иштеп, айлык акыларын алышат. Каалагандар ал жакта эс алууга эшиги ачык.

Андыктан, эмнеге ичибиз таарып, чымынды төөгө айлантып жатабыз? Бүткүл дүйнө жүзүндө, бизнести өзөгү, дал ушул ижарадан башталат. Туурабы?

Бишкекте эле, элдин көбү ижарада жашашат, айылдан көчүп келип, соода сатык жайлардын көбү дагы ижарага алынган жайлар, кичинекей дүкөндөрдөн баштап.

Андыктан, адамзаттын жазылбаган жашаоо мыйзамына баш ийбеске арга жок. Кандай дейсиңер, кара кылды как жарган калыстар?

Мелис Арыпбек, журналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости