www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

28 жыл аралыгында, Кыргызстанда адамзатта болуп көрбөгөндөй исламдын баардык агымдары терең тамыр жайды. Жаймак турсун, накта исламдык халифатка айланып калды.

Биринчиден, эл арасы кадимкидей бөлүнүп-жарылды. Артка караңгылыкка кетип, кемчонтойлукка чөгүп баратабыз. Балдарын мектепке жибербегендер, наристелерди эмдөөгө-привикага, доктурга көрсөтпөгөндөр аябагандай көбөйдү. Кыргыздын байыртадан келаткан нукура улуттук ыйык каада-салттарына балта чабылууда, а түгүл, исламдашып, арабөктөлүп арабдашып жоюлду.
Жыйынтыгын көрүп жатабыз.
Чуулуу чумосу чыккан Чубак шейх, төөнүн сийдигин арабдар менен бирге ичип, бирге сийген саткын Жалил уулу баш болгондор, эми мектептердин дагы окутуу программасына киришип, шарият боюнча окутууну талап кылып, моюн толгоп, кыр көрсөтүп турган чак. Чумосу чуурулуп чыккан Чубак алып келген арам арабдар, кылычтарын бийик көтөрүп, кыргыздын наристе кыздарын тегерегине бийлетип, ыракат алышууда. Ушундай чектен чыккан ырайымсыз ыпыластык интернет булактарынан жайылтып жаткандары да бекеринен эмес.
Бийликтин башчылары ушундай чектен чыккан арабдашууну исламдашууну кош колдоп тургандыктан, көйгөйлүү көрүнүштөр күчөп, тамырын кенен жайып жатпайбы. Арабдашуу абдан таралуудан кыргыздарга эмне деген ырайымсыздыктар жайылууда? Кыргыздын тарыхында, тамырында, тагдырында болуп көрбөгөндөй ыпыластыктар орун алып жатпайбы. Алар – педофилия наристелерди зордуктоо, бачабаздык эркектер менен жыныстык байланыш кылуу, а түгүл бир-бирине үйлөнүү. Дал ушундай жийиркеничтүү ыпыластык исламдашуу арабдашуу жолу менен келип, терең жайылып кеткени анык эмеспи. Болгондо да, ыпыластыктын жайыттары сансыз мечиттерден тарап, мечиттер мейманканага, сойкуканага айланып калгандары, анан жалганбы? Кыргызстандын мурунку муфтийи дал жалаптык сойкулуктун үлгүсүн көрсөткөндүгү үчүн кызматынан аргасыздан алынбады беле же болбосо жалганбы, калайык журт?
Мечиттер ошондуктан өрттөнүп, ал жактан өлүктөр чыгып жатпайбы. Мечитте болуп жаткан молдолордун кылыктары интернеттен көрсөтүлүп жатпайбы. Кудай туткан арабдардын шейхтеринин жылаңач денеси, ургаачы эшек талуу жерине тепкенде, мүрт кетип, “Джип” унаасына жетпей, өлгөндөдөрүн көрүп жатпайбызбы. Дал ушундай ыпыластык биздин ыйык жерибизди каптап келбедиби.
Түпкү атабыз арабдан тараганбыз деп, исламды ыйык туткан, кыргыздын эбегейсиз айкөлдүгүнөн эң бир жайлуу суулуу, майлуу-сүттүү жерлеринде, Чүй өрөөнүндө жашаган айрым улуттардын кутурган жаш балдары, исламдын асаба-желектерин желбиретип, тойлоп чардап жатса, биздин арабөк арабдашкан бийлик аларды көрмөксөнгө салышып, бир-экөөсүн кармашып, аттарын атагандан коркушуп, аларга абдан аярлуу сылык мамиле жасашып, маңдайынан сылашып, “Мындан ары силер тентектик кылбагыла, желегиңерди унаалардан булгалап, көчөлөрдөн желбирете-желпинтип алып учпай, үйүңөргө аярлап илип алгыла...” – деп беймарал койо беришти.
Ушундан соң, карайлаган кыргыз бийлиги өлүптүр деген жыйынтыкка аргасыздан келет экенсиң, касиеттүү калайык журт. Деги арабызда, чыныгы, көкүрөгүндө кыпындай Ар Намысы бар, бийлик бутактарында кара кылды как жарып айткан, бир дагы аткаминер калбай калганбы?

Мелис Арып-Бек
Булак: NazarNews.kg

Последние новости