www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көз карандысыз эркин журналист публицист, Россия илимдер академиясынын алдындагы Географиялык коомдун анык мүчөсү – Мелис Арып-Бек, “Ашынган арамза, ачкөз Абылгазиевди тез арада камакка алышыбыз керек”,- деп жазып чыкты. 

Төмөндө маалымат толугу менен:

Кечээ, мен 5 G антенанын толкундар тыгыздыгынын айынан элибиз массалык түрдө кырыла баштаганын кеп кылсам, бул жагынан маалыматтары жок адамдар мага ишенишпеди эле. Андыктан... Андыктан, кайрадан кайталашым абдан зарыл болуп турат. Эмесе...

Эмесе, жакшылап акыл пештеп, ой калчап окугула да, ойлонуп ойгонгула, толгонгула калайык калк, жумурай журт. 5 G – деген эмне деген ырайымсыз илдет, не деген көзгө көрүнбөгөн апаат.

Бул жагын орусча берейин: “5G - это мощнейшее облучение всего живого сверхкороткими электромагнитными волнами. 5G - это гарантированное нарушение нервной системы, внутренних органов, убитый иммунитет, онкологические заболевания, катаракта, повреждение ДНК и так далее.

Изначально это была военная технология. Это система оружия, замаскированная под удобство потребителя”.

Муну мен өз ойумдан чыгарган жокмун. Эмесе, ток этээр далилдер менен пикирлешелик урматтуу Окурман! Сөз, Кыргызстандын болочогу, элинин бар же жок болуп кетүүсү бойунча, жүрүп жатат. Корона вирус – деген илдет менен алаксытып, калдайган карапайым калк үй камагында жаткан учурда, Ак үй өздөрүнүн кара ойундарын бүткөзүп жатышыптыр.

Мухамедкалый Абылгазиевдин командасы жалгыз Кубатбек Борооновдон башкасы алмашылып калганда да, тырышып тырмышып, кызматтан кетпей келген. Анан эле, Жанар Акаев деген тапан депутат трибунага чыгып, Абылгазиевке кайрылып, бомба жарды: “Кимдер 5 G орнотуп, аны колдонуга чет элдик компанияларга уруксат берди...” – деп. Анан эмне болду?

Көчүгү кана эмес, тиши менен олтурган креслосунан ажырагысы келбей, жармашып жабышып турган Абылгазиев, Жанардын жар салып, бомбаны жарган сөзүнөн кийин, дароо күтүсүз эс алууга чыгып, бир айча дымып калды, өлүү тирүүсү эч билинбей. Кайтып келди да, өзүнүн биринчи замына ордун бошотуп берип, жылт койду. Көрсө...

Көрсө, 5 G – деген адамзатын тукум курут кылчу “... мощнейшее облучение всего живого сверхкороткими электромагнитными волнами, гарантированное нарушение нервной системы, внутренних органов, убитый иммунитет, онкологические заболевания, катаракта, повреждение ДНК и так далее...” – деген ажалдын башаты болгон алааматты Кыргызстанга орнотууга ким уруксат берип кол койгон? Албетте, мындай өтө кырдаалды жараткан, а бир ак, ортодо өтө көп акча ойногон келишимди, ажонун макулдугу жок, жалгыз мындай чыккынчылык жолго, жалгыз Мухамедкалый Абылгазиев барбайт болчу. Натыйжада, эмне болду?

Натыйжасын, тилекке каршы, азыркы учурда көрүп, угуп, уулугуп, түгөйүнөн ажыраган карышкырдай улуп жатабыз. Күн эмес, саат сайын өлүм-житим көбөйүп жатат.

Себеби, Абылгазиев кол койуп, эл аралык олигархтардын арам ойун аткаргандыктан, 5 G иштей баштагандыктан, коронавирустан миң эсе коркунучтуу апааттуу аламат башталды.

5 G өтө кыска жыштыктагы электромагниттик толкундар агылган аймактын алдындагы тирүү жандар облученияга кабылып, иммунитеттери өлүп, өпкөлөрү жаңы илдетке кабылып, тез арада өлүп жатышат жаш карысына карабай. Эмне кылуубуз керек?

Ашынган арамза, ачкөз Абылгазиевди табышыбыз зарыл. Эгерде Шадиевке окшоп качып кетсе, анда Ажодон сурашыбыз керек. Болбой калса 5 G антеларды жок кылуубуз зарыл. Европада жана Россияда бул антеналарды өрттөп жатышат.

Антпесек, эзилген эл биротоло тукумкурутка айланабыз. 5 G карата дарыгерлердин баардык аракеттери алсыз болуп калганын көрүп жатабыз. Чечкиндүү чара көрбөсөк, болбой калды жумурай журт. Ойгонуп ойлонгонго убакыт жок калды. Козголуп, ич арабыздагы саткын душмандарды жоопко тарталык. Башка жол жок. Кыргыздын эң ырайымсыз душманы – кайдыгерлик, кенебестик, кош көңүлдүк, көргө тыккан кошоматтык.

Кайдыгерликке согуш жарыя кылалык, эгерде тирүү калабыз – десек калайык журт.
Мен дагы каптаган кара толкун менен күрөшүп жатамын...

Макаланы даярдаган көз карандысыз эркин журналист публицист, Россия илимдер академиясынын алдындагы Географиялык коомдун анык мүчөсү – Мелис Арып-Бек.

Чыны менен жогорку малымат кандайдыр бир чындыкка дал келсе, тийиштүү органдар Абылгазиевди текшерүүгө алышы керек.
 
Булак: NazarNews.kg

Последние новости