www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алдыдагы президенттик шайлоодо эч кандай добуш сатып алуу болбойт. Бул тууралуу журналисттерге Садыр Жапаровдун Чүй облусундагы шайлоо штабынын башчысы Мелис Аспеков билдирди.
Анын айтымында, ал каражат кайдан алынарын билбейт. Андан тышкары, Аспеков Жапаровдун командасындагы бардык адамдар, анын ичинде өзү дагы ыктыярдуу негизде иштешет деп кошумчалады.
“Жапаровдун шайлоо өнөктүгүнө каражат түшкөн жок. Бул дагы кайдан түшөт, мен билбейм. Бирок акча жок болгондуктан биз тараптан добуш сатып алуу болбойт деп ишендирип кете алам. Балким, штаб ачылат. Ыктыярдуу болууга даяр адамдар көп. Биз чын жүрөктөн иштөөгө даярбыз, бизге айлыктын кереги жок”, – деди Аспеков.
Мындан тышкары, Аспеков референдумду өткөрүүнү колдой тургандыгын билдирип, болуп жаткан окуялар үчүн президенттин жоопкерчилиги жогору болушу керектигин белгиледи.
Ошондой эле, Мелис Аспековдун айтымында, Жапаров элдин талабын угат. Ал өзү өлкөдөгү кырдаалга көз салып турат. Ал күн сайын болуп жаткан жаңылыктарды байкап турууга убакыт бөлүп, жазылуучулары менен баарлашат.
Булак: NazarNews.kg