www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сары айыл Өкмөтүнүн башчысы Замирбек Тургунбаев, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге Кайрылуу жасады.
Төмөндө айыл өкмөт башчысынын Кайрылуусу толугу менен:
--Урматтуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев! Менин Сизге кайрылуумдун себеби, мен эмгек өргүүгө чыгып, Кыргызстандагы дарыгерлердин көрсөтмөсү менен бизде аппараттар жок экен, ден соолугума байланыштуу чет мамлекетке даарыланганы кеткенмин. Мен даарыланганы кеткенден кийин сиздин “Альфа” кызматкерлери мен башкарган айыл өкмөттүн кеңсесине барып, кабинетиме андан кийин менин энемдин үйүнө кирип тинтүү жүргүзгөн.
Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич, мен Сизди кыргыздын мыкты уулу катары билет элем. Себеби, сиз энеңизди колуңуздан түшүрбөй, энеңиз менен мактанып, энеңиздин ар бир сөзүн сүйлөп, “Текебаев, менин энем сенен кыйын” деген айткан сөздөрүңүздү билем. Энесин сыйлаган мырза катары өтө сыйлачы элем. Сиз, 8-мартта Баатыр энелерди топтоп, көп жылдан бери көңүлүн алып жүрөсүз. Мен 5 жылдан бери сизден үлгү алып, энелерди өзүмдүн каражатыман сыйлап, сиздей болуп көңүлүн алып чай берип жүрөм. Бирок кечээги күнү сиз башкарган УКМК менен “Альфа” кызматкерлери 68 жашка чыккан менин алсыз энемди автоматтар менен келип, үйрөйүн учуруп, 2-класстагы окуган баламды коркутуптур. Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич, мен сизден күмөн санап калдым. Ошол “Альфа” кызматкерлери кечээги тополоңдо кайда жүрүштү. Баткенде чыр чыгып жатат, ал учурда кайда жүрүштү?
Сиз башкарган УКМК бүгүнкү күндө алсыз, 68 жашка чыккан эне менен 2-кластагы окуган балага күчү чыгып калганбы? Эгер мен кылмышкер болсом, ал энемде эч кандай күнөө жок. Энем мени багып, төрөп чоңойткон.
Эми сиздин апаңыздын маркум энебиздин жайы жаннаттан болсун, ошол энеңиздин тирүү кезинде өзүңүз барып, эркелеп сырдашкан күнүңүздү эстеңиз дагы, анан менин 68 жаштагы алсыз энеме автомат такап коркуткан “Альфа” кызматкерлерине чечим чыгарыңыз. Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич, мен айыл өкмөт болуп иштеп, бюджеттен сыртка кетип жаткан 32 млн сом, тагыраак айтканда 78 млн сом менен бюджетти алып, 100 10млн сомго көтөргөн жигитмин. Эгер мен айыл өкмөттө иштеп жаткан маалда менин туугандарым, бир туугандарым же мен кыймылдуу же кыймылсызга ээ боло турган болсом, бардыгын тапсаңыз мамлекетке өткөрүп алыңыз. Мен ыраазымын. Мен апамдын, атамдан калган эски үйүндө жашап жүрөм. Ал жерде инимдин жаңы төрөгөн келинчегин дагы коркутушуптур. Эч нерсе табышпай кетишип, бүгүнкү күндө мени ОПГ деп кайдагы курал-жаракты салып коюптур.
Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич, сиз Садыр Нургожоевич, Талант Мамытов куугунтукка алынганда мен дагы куугунтукка алынганмын. Ошол маалда мага пистолет салышып, мени камашкан. Мен соттон пистолет меники эмес экендигин далилдеп, Жогорку соттон акталып келгенмин.
Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич! Мен Сизден бир гана нерсени суранам, энелерге тийбеңиз. Алсыз энелерге, жаш балдарга тийбеңиз, балдарыңызды тыйып коюңуз. Биз кайсы мамлекетте жашап жатабыз. Ошол жерге өзүңүздүн энеңизди коюп көрүңүз! Мен даарыланганы гана келгем. Повестка берсе деле бармакмын.
Кечээ, Мунардын үйүнө кириптир. Мунарды билем, 3 кичинекей кызы бар. Аларды да коркутуптур. Биздин УКМК бүгүнкү күнү кемпирлер менен жаш балдарга күчү жетеби? Менин энемдин ордуна өзүңүздү коюп көрүңүзда Кыргызстандагы баардык энелерге тийбеңиз, суранам. Мен даарыланып барамын, эч жака качпаймын. Балдарыңызга айтыңыз, энеме тийбесин. Биз кайсы мамлекетте жашап атабыз.Сиздердин энелерге күчүңөр жетеби? Мен барамын, кааласаңыз бышырып, кааласаңыз атып таштаңыз бирок энелерге тийбеңиз, энелерге тийбеңиз, энелерде күнө жок!, - деп кайрылган Сары айыл Өкмөтүнүн башчысы Замирбек Тургунбаев.
Булак: NazarNews.kg