www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жарандык активист Мелис Аспеков менен блогер Улан Жураев 250 миң доллар талап кылган деп шектелип кармалды. Бул тууралуу ЖМКлар коопсуздук күчтөрүндөгү булактарына таянып жазып чыкты.
Алардын маалыматы боюнча, алар кечээ, 8-январда УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талууга шектелип кармалган.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жарандар М.А. жана У.Д., “Кыргыз темир жолу” ишканасынын ишин ЖАМК тарабынан текшерүү болушу мүмкүн экенин, ишкананын жетекчилигине каршы митингдерди уюштуруу коркунучу менен 250 миң доллар талап кылышканын расмий билдиришкен.
Шектүүлөр КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, буга чейин Мелис Аспеков президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун Чүй облусундагы штабын жетектегендигин билдирген. Бирок, Жапаровдун БШКдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алексей Мощин муну четке кагып, үгүт иштери жүрүп жаткан мезгилде Аспековдун өлкөнүн эң жогорку мамлекеттик кызмат ордуна талапкер менен эч кандай байланышы жок экенин айткан.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg