www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы,  Жогорку Кеңештин депутаттары жана Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси УКМКнын абагына жана №1тергөо изоляторуна барышты

Бүгүн, 2018-жылдын 21-июнунда Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Кубат Оторбаев, Жогорку Кеңештин депутаттары К. Бокоев, Р. Казакбаев, Р. Чойбеков, У. Санаев, М. Жээнчороев жана Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулаймановдор УКМКнын абагында жана №1 тергөө изоляторунда жаткан жарандардын суроо-талаптарын угуп, абалын жакындан билишти.

Алар алгач №1 тергөө изоляторуна барышып, ал жактан "массалык башаламандык уюштуруп, бийликти күч менен басып алууга даярдык көргөн" деген негизде кылмыш иши козголуп, камакка алынган "Мекенчил" саясий партиясынын мүчөсү Мелис Аспековго жолугушту.

Айта кетсек, Мелис Аспеков апрель айында массалык маалымат каражаттары аркылуу коомчулукка кайрылуу жасаган. Кайрылууда тергөөчү Н. М. кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен алдын-ала сүйлөшүп алып, тергөөнүн жүрүшүндө өзүнүн кызматтык абалынан жана кылмыштуу чөйрө менен болгон байланыштарын пайдаланып, жалган көрсөтмөлөрдү берүү жолу менен Канат Исаевди жана башка саясаттагы адамдарды каралоого мажбурлоо максатында психикалык басым, коркутуп-үркүтүү жасаганы кеңири айтылат.

Массалык маалымат каражаттарынан кайрылууну окуган Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев  Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү   М. Аспековдун ишин дыкат иликтөө боюнча иш-тобун түзүү сунушу менен кат жөнөткөн. Комитет иш-тобун түзүү чечимин кабыл алып, иш-топко депутаттар К. Бокоев (демилгечи катары), Р. Казакбаев, Р. Чойбеков, У. Санаев, К. Иманалиев, М. Жээнчороев (төрага) киришкен.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мелис Аспеков ага козголгон кылмыш иши боюнча тергөө бир тараптуу болуп, эч кандай күнөөсү такталбаганына, күнөөлүү эместигин фактылар  менен далилдеп бергенине карабай, соттонун амалы кылынып, 1 жыл 7 айга эркинен ажыратып койгонун айтты.

Аспеков “Тергөөчү Н. М. мени камагандын эртеси (10-октябрь 2017-жыл. УКМКнын имаратында) бир кабинетке киргизип жиберди. Кабинеттин ичинде эки адам бар экен. Бири кызматкер окшойт, экинчиси кылмыш чөйрөсундөгү сөздөр менен сүйлөгөндүктөн ал кылмыш чөйрөсүнө тийиштиги бар адам экени дароо эле билинди. Менин жактоочум кана?-деген суроомо жооп бербестен, “сүйлөшүп кой”-деп  колума телефон карматты. Телефондогу адам кылмыштуу чөйрөдөгү“авторитеттин” бири  экен. Ал мага Канат Исаевге, Малик Мырзаевге жана Жусуп Иманалиевге карата каршы көргөзмө бер деп коркутканга чейин барды. Мен ага макул болгон жокмун. Мени таң калдырганы кылмыштуу топтун мүчөлөрү, Улуттук коопсуздук имаратынын ичине кирип, ошол жердин кызматкерлери менен биргеликте мыйзамды одоно бузуп, көргөзмө алууга кылган аракети болду” деди.

 М. Аспеков ага козголгон кылмыш иши боюнча депутаттык комиссия түзүлсө, аудио жазуунун оригиналын угууга мүмкүнчүлүк болуп, акыйкат чечим чыгат эле деген ишеничте. Ошондой эле ал тергөөнү кайра баштан жүргүзүп, тергөөчү Н. М. туура эмес тергегени үчүн кылмыш иши козголсун, -деген талабын баса белгиледи.

“Мени бүгун бул жерден Молдовановкадагы №27 түзөтүү колониясына которуп жатат, ал жакта кандай болот билбейм...” –деп кооптонуп жатканын жашырган жок.

Акыйкатчы өз сөзүндө “Кечээ жакында Жогорку Кеңештин профилдик комитетиндеги 2016-жылдык баяндамамда  Жогорку сот тарабынан акталган адамдардын саны айтылды. Андан тышкары  акыркы эки жылдын ичинде биринчи инстанциядагы акталган адамдардын  саны 300 тегерегиндеги экени айтылды. Жогорку соттун төрайымы берген маалыматында актоо чечими сот тарабынан болбошу керек деп жатат. Бул туура эмес. Сотко адам адилеттикти, акыйткаттуулукту издеп барат, соттор иштин ак-карасын ажыратышы керек. Бизде сот реформасы боло элек. Соттордо маселе көп. Өлкөнүн аксап жатканынын негизи себеби да ушул болуп жатат. Омбудсмен институту  2016-жылы 1700 ирет соттук процесстерге катышты. Ошондогу биздин байкоолор, мониторингдер көрсөткөндөй, процессуалдык нормалар бузулат, ойдон чыгарылган маалыматтардын негизинде чечимдер чыгып жатат. Мисалы, биринчи инстанция менен экинчи инстанцияда мыйзамдуу чечим чыгарса, Жогорку сотто тескерисинчечечим чыккан учурлар бар, ал чечим даттанууга жатпайт. Биз билип калган иштер боюнча Тартип комиссиясына жазып атабыз. Бирок ал комиссия “карга карганын көзүн чукубайт” болуп формалдуу иштеп жатат. Мындан ары ошол комиссиянын ишин күчөтүү керек. Дегеле соттук реформа үчүн жалпы күрөшүп ишти алдыга жылдырышыбыз керек” деген пикирин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында Акыйкатчы, Жогорку Кеңештин депутаттары жана М. Аспековдун жеке коопсуздугун камсыздоо боюнча ЖАМК жетекчилине тапшырма беришти.  Ал эми айтылган жүйөөлөрү боюнча жогорку инстанцияларга кат жолдонуп, иштин жүрүшү көзөмөлгө алына тургандыгы айтылды. 

Андан кийин Акыйкатчы Кубат Оторбаев Жогорку Кеңештин депутаттары жана Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун жетекчиси Нурдин Сулайманов менен биргеУКМКда камакка алынгандардын абалын билүү үчүн УКМКнын тергөө абагына келишти.

Ал жактан камакка алынган жарандардын шартына көз салып, алар менен жолуккандан тышкары мурунку депутаттар Канат Исаев, Осмонбек Артыкбаев, мурунку премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков ошондой эле Жалал-Абад шаарынын мурунку мэри Салайдин Авазовго жолугушту.

Акыйкатчы жана депутаттардан турган курам ар бири менен өзүнчө баарлашты.

О. Артыкбаев ден-соолугуна байланыштуу баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарып берүүнү өтүнсө, Ж. Сатыбалдиев адвокаттарга жолугушуу зарылдыгын белгиледи. С. Авазов үй-бүлөсү менен көрүштүрүүнү суранды. Ал эми С. Исаков тергөө изолятордун шартына нааразычылыгы жогун айтты.

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

 

 

Последние новости