www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрагасы Сыймык Жапыкеевдин айланасындагы кептер боюнча Финполдун маалымат кызматы комментарий берип, аталган маалыматтарды четке какты.

Белгилей кетсек, “Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчилигин опузалап 250 миң доллар талап кылды деп кармалган жарандык активист Мелис Аспеков өз көрсөтмөсүндө 50 миң долларын Жапыкеевге бермек болгонун айтканы маалым болгон.

“Бүгүнкү күндө Финансы полициясы тарабынын коррупция, экономикалык жана финансылык кылмыштар менен күрөш тынымсыз жүрүп жатат. Жогорку рангдагы аткаминерлер аралашкан резонанстуу кылмыштуу схемаларды аныктап, алдын алууда. Мындан улам биздин кызматтын жетекчилигине көө жабууга аракет кыла башташты. Андай учур дагы кайталанашы мүмкүн, бирок биз ишти улантууну токтотпойбуз”, — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, Аспековдун көрсөтмөсүндө Жапыкеев тууралуу айтылгандар чындыкка дал келбей тургандыгы кошумчаланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости