www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын аймагында 2020-жыл ичинде мыйзамсыз пайдаланылып жаткан 125 курал ички иштер органдары тарабынан алынган. Алардын арасында автомат, тапанча, ар кандай типтеги сайлуу курал, сайсыз ок атуучу курал, газ-травматикалык тапанча, пневматикалык тапанча жана башка куралдар, ок-дарылар болгонун Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Ошондой эле жарандар өз ыктыяры менен 92 ок атуучу куралды жана 9 ок-дарыны тапшырган.
Министрлик: «Кыргыз Республикасынын “Курал жөнүндө” мыйзамынын 21-9-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын жаранд
ары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жоктор, юридикалык жактар акы төлөнгөн же таап алган, мыйзамсыз сакталган куралдарды жана ок-дарыларды өз ыктыяры менен тапшырса болот. Өкмөттүн "Таап алынган же мыйзамсыз сакталган куралды жана ок-дарыларды, ага тете жарылма заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү ыктыярдуу түрдө акы төлөмө жана бекер негизде тапшыруунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык, өз ыктыяры менен тапшырган куралга 1600 сомдон 16 000 сомго чейин куралдын түрүнө жараша кенемте каралган», - деп эскертет.
Учурда иштеп жаткан мыйзамга ылайык, мыйзамсыз сакталган куралдарды, ок-дарыларды, жарылгыч заттарды өз ыктыяры менен тапшырган жарандар кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат. Ал үчүн милиция кызматына телефон аркылуу кабарласа да болот.
Булак: NazarNews.kg