www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чет өлкөлөрдө жашынып жүргөн Ош шаарынын экс-мэри Мелис Мырзакматов мекенин сагынып, Кыргызстанга кайтып келмекчи. Бирок, 2014-жылы үстүнөн кылмыш иши козголгон Мырзакматов чек арадан кирчү болсо, оппозициячыл соратниги, «Мекенчил» партиясынын лидери Садыр Жапаровдукундай тагдырга туш болуп каларын эң сонун түшүнөт.

Ошондуктан, ал башкалардын катачылыгын кайталабай, мекенине жашыруун жолдор менен кайтып келмекчи. Бул оюн ишке ашырыш үчүн Оштун мурдагы башчысы Өзбекстандын аймагы менен өтүп келмекчи.

Биздин ишенимдүү булактарыбыздын маалыматы боюнча, Оштун мурдагы «ханы» жакынкы кездерде өзүнүн жакын кишилерин, анын ичинде «Улуттар биримдиги» партиясынын мүчөсү Уран Ботобековду өзбек тараптын уруксатын алууга жибергени жатыптыр. Кыргызстандын өзгөчө белгилүү оппозиционерлеринин бирин бийлик оппоненттери аябай куугунтукка алынып жаткан мезгилде мекенине кайра кайтып келмекчи болуп жатканынын себеби эмнеде?

Булак: “АЗИЯnews”

Последние новости