www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ парламентке Октябрь бир мандаттуу округдан аттанган генерал Мелис Турганбаев менен Дастан Бекешов жолукту. Эсиңиздерге сала кетсек, бу жерде Дастан Бекешов алдыга озуп чыгып, бир буту парламентте. Ошол эле учурда экөө жолугушуп, бири-бирине каалоо-тилектерин айтышты. А биз Мелис Турганбаевдин кийинки кадамдарын сурадык.

- Мелис мырза, Дастан Бекешовго жолуккан турбайсыңбы?

- Алгач телефондон байланышып, жолугуп кетүүсүн өтүндүм. Түштөн кийин келиптир. Эч бир ичкүйдүлүк жок, жеңишке таза жетишти. Колун кыса кармап, куттуктап, ишине ийгилик кааладым. Карапайым калктын жашоосун жеңилдеткен, мамлекеттин бүтүндүгү, коопсуздугу, өлкөнүн өнүгүшү үчүн зарыл болгон мыйзамдарды чыгарышын айттым. Көйгөйлөр арбын экен, шайлоочулар менен жолугушканда ушулардын баарын өз көзүм менен көрдүм да.

- Кийинки кадамың кандай болот?

- Бишкек шаарынын бир мандаттуу Свердлов менен Биринчи Май райондоруна кайрадан шайлоо жарыяланат эмеспи. Мен ушу эки райондун бирөөсүнө талапкерлигимди коём. Азырынча толук чечиле элек, бирок оюм бар. Анткени эки райондун тең элин жакшы тааныйм.

Бир кезде Свредлов РИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жетекчиси, РИИБнин орунбасары болгом. Ал эми убагында Биринчи Май РИИБнин начальниги элем. Эки районду абдан жакшы билем.

- Дастандан кандайча утулуп калдың?

- Бизде спортто мындай түшүнүк бар: “неудобный соперник” деген. Бул сенин күчтүү экениңе карабайт.

Булак: Азия News гезити

Последние новости