www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1991-жылы 10-декабрда Нурсултан Назарбаев мамлекет башчылыгына шайланып, тунгуч президент катары ант берген. Бул күн Казакстандын эгемен тарыхында өзгөчө орунду ээлейт.

Коңшу өлкөдөгү эң ири Nur Otan партиясынын маалымат кызматы тарыхый датага арналган ролик жарыялады. Анда 10-декабрда өлкөнүн аталышы Казак Советтер Социалисттик Республикасынан Казакстан Республикасы болуп өзгөртүлгөнү белгиленет.

Роликте Казакстан көз карандысыздыкка жетишкенден кийин мамлекеттик чек араларын тактап, коомчулукта тынчтыкты жана бакубаттуулукту бекемдөөчү уникалдуу орган катары Казакстан элдеринин ассамблеясы түзүлгөнү баяндалат.

Мындан сырткары, жакырчылыкты жоюу, өлкө экономикасына инвестиция тартуу жаатында алгылыктуу иштер жасалганы, турак жай куруунун темпи жогорулап, социалдык инфраструктура жана башка тармактар өнүккөнү белгиленген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости