www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн "Кыргызнефтегаз" ААКнын директорлор кеңешинин жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди.
Жыйындын жүрүшүндө "Кыргызнефтегаз" ААКнын мурдагы төрагасы Мелис Тургунбаевдин өз каалоосу менен жазылган арызын карашты. Кызматтан кетүү ниетин билдирген М.Тургунбаевдин арызы кабыл алынып, ээлеген кызматынан бошотулду. М.Тургунбаев башка жумушка бараткандыгына байланыштуу өз каалоосу менен арыз жазганын билдирди.
Ал эми директорлор кеңешинин чечими менен "Кыргызнефтегаз" ААКнын төрагалык кызматына жаныдан Нургазы Нишанов дайындалды. Директорлор кеңеши жана Мамлекеттик мүлк фондунун өкүлдөрүнүн катышуусунда эмгек жамаатка тааныштырылды.
Коллектив менен жолугушууда М.Тургунбаев сөз сүйлөп, аткарылган ийгиликтүү жумуштарга токтолуп, бирге иштеген баардык кызматкерлерге ыраазычылыгын билдирди.
Ошондой эле жаңы жетекчи Нургазы Нишановду коллектив жылуу тосуп алышты. Жаңы баштаган жумуштарына ийгилик каалап өтүштү. Н.Нишанов эмгек жамаат менен ынтымактуу иш алып барып, компаниянын өнүгүүсү үчүн кызмат кылаарын айтып өттү.
Булак: NazarNews.kg