www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинын президенти Владимир Зеленский Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушууну каалайт. Бул тууралуу украин башчысы Associated Press агенттигине берген маегинде билдирди.

"Биз аны бул жерден көрүүгө даярбыз. Мен аны менен сүйлөшкүм келет. Мен аны менен кеңири масштабдагы согуштун алдында сүйлөштүм. Бирок биз бир жылдан ашык убакыттан бери байланыша элекпиз", - деди Зеленский.

Зеленский Си Цзиньпин Москвага барып кеткенден кийин Владимир Путин Беларуска тактикалык ядердик курал жайгаштыруу чечимин кабыл алганын кошумчалады. Украина президентинин айтымында, Си Цзиньпин Россия күткөн убадаларды берген эмес.

"Бул эмнени билдирет? Бул визиттин Орусияга пайдасы жок дегенди билдирет», — деди Зеленский.

Украинанын президенти ошондой эле эгер Орусия Бахмутту ала турган болсо, анда Москва Киевден кабыл алынгыс компромисстерди талап кыла алат, ошондой эле башка өлкөлөрдүн колдоосуна таяна алат деген ишенимин билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости