www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов ыйык Рамазан айында абакта отурган саясатчы, активисттерди бошотууну бийликтегилерге сунуштады.
"Ар нерсенин тартиби, эрежеси болот. Жашоо тартиби, иш тартиби дегендей. Орозо кармоонун да тартип, эрежелери бар. Ооз жабуу, ачуу Орозонун эрежелеринин бир бөлүгү гана. Андан тышкары Орозо маалында кечиримдүү болуу, бирөөгө кыянаттык жасабоо, калп айтпоо жана башка Кудайдын жазган өкүмдөрү бар. Эгер чындап Жаратканга ишенип, андан корккондор болсо учурдан пайдаланып кыйшык иштерди түздөп алууга неге болбосун.
Айтайын дегеним, мекенге күйгөн эр-азаматтарыбыз, эжеке-карындаштарыбыз бүгүнкү күндө эч күнөөсүз абакта олтурушат. Бийликтин душмандары башкалар.
Ыйык Орозо айынын ар бир мүнөт соопчулугун текке кетирбей колдонуп калгыла. Ошондуктан, ооз ачып, бекитип коюу менен Орозонун милдеттерин аткардым деп ойлоп жатсаңыздар жаңылышасыздар. Алла жазган мыйзамды айланып өтө албайсыңар.
Кемпир Абад боюнча камалгандарды кечирип коюңуздарды суранам. Алар түрмөдө отуруп мамлекетке кереги тийбесе да, үйдө жакындарына көбүрөөк керек", - деди Икрамов.
Булак: NazarNews.kg