www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстан элди татыктуу жашоо менен камсыздоо үчүн социалдык-экономикалык өнүгүү жаатында кескин секирик жасашы керек. Бул тууралуу Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев парламенттин отурумунда айткан.

"Биздин өлкө көп жыл бою тышкы жагымдуу конъюнктурага ишенип келди. Ар кыл концепциялар менен программаларга жетеленип, ойдон чыгарылган ийгиликтер боюнча жасалма отчётторго ишеним арттык", — деди өлкө башчы.

Ал көп жылдар бою эң маанилүү нерселер көңүлдөн сыртта калганын белгилеген: жарандардын жашоо деңгээли азыркыга чейин төмөн боюнча калууда, адилетсиздиктер бар, байлар менен кедейлердин ортосундагы айырмачылык өсүп жатканын белгилеген.

Токаев беш жыл ичинде кырдаалды өзгөртүү зарылдыгын айткан.

"Биздин жалпы үйдү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүүнү тез арада башташ керек. Экономика менен социалдык тармакта чогулуп калган системалык көйгөйлөр чечкиндүү кадамдарды талап кылууда. Андыктан өтө көп тарабаган, бирок майнаптуу жана керектүү чечимдерди кабыл алууга туура келет", — деп белгилеген мамлекеттин башчысы.

Бул ириде экономиканы демонополизацияга тиешелүү.

"Бул өкмөт тарабынан эрк менен кесипкөйлүктү талап кылган жөнөкөй эмес процесс. Иштей турган жана жөнөкөй процесстерди тереңдетүү иштери турат. Бул бааны жөндөөдө, эл аралык салык алууда, субсидия менен мамлекеттик ресурстарды бөлүштүрүүдө көзөмөл кылууну камсыздайт", — деген Токаев.

 

Мындан сырткары, президент Казакстандагы бюджеттин пландалышына өзүнүн баасын берген.

"Бул каражаттар биздин экономиканын ички кору. Ал өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө гана жумшалышы керек. Бул бюджеттик чыгымдарга да тиешелүү. Бирок бюджеттин аткарылышы менен аны пландоону оңдош керек", — деген Казакстан президенти.

Анын айтымына караганда, мамлекеттик карызды тейлөөнүн чыгымдары өсүп, Улуттук фондунун трансферттери азайган жок. Бюджетти майнаптуу колдонуу боюнча көйгөйлөр бардык деңгээлде кездешип жатканын кошумчалаган.

"Бизге жакшылап ойлонулган жана теңдештирилген бюджеттик саясат керек. Өкмөттүн кароосуна киргизиле турган Жаңы кодекстин жаңы долбоору бул көйгөйлөрдү чечиши зарыл", — деген Токаев.

Последние новости