www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыркы күндөрү интернет аркылуу биздин сайтка өзүнүн башынан өтүп жаткан турмушун айтып, элге сабак болоор деген ниетте кайрылгандар көп болууда. Бул жолку карманыбыз да башынан өткөн жашоосун айтып берди.
Мен учурда өз алдымча иш алып барып, бир канча тигүүчү цехтерди иштетем. Жогорку окуу жайын кызыл диплом менен аяктагам. Келечекте мамлекеттик кызматка орношуп, өлкөмө салымымды кошсом дейм. Апам мага дайыма “өз өлкөндө гана иштеп, патриот бол!”,-деп келет.
Ал менин алтын апам! Ал менин жан апам! Мени ушул даражага жеткирген апам! Мен үчүн жанын берүүгө даяр апам! Апамды дүйнөдөгү эң сонун сөздөр менен айтып мактасам да аздык кылат. Кичинемден бери жаныман чыкпай, ар бир кадамыма көз салып, мен үчүн өз жашоосун унутуп, өзүн мага гана арнаган.
Атам (“ата” дешке да оозум барбайт) болсо ар кайсы кызга азгырылып олтуруп апам менен боюнда барда эле ажырашып кеткен экен. Апам “бала эмне болот”,-десе, “Боюңдан алдыртып сал!”,-деген экен. Анан энем айла жоктон үйдөн чыгып кетиптир. Ал өзүнө: “Эч качан боюмдан алдырбайм. Кыйналсам да төрөп, ушул баламды эң мыкты адам кылам!”,-деп сөз бериптир. Убактылуу эжесиникине жашап, мени төрөгөндөн кийин айла жоктон айылга таенемдикине барган. Биз ал жакта мен экиге чыккычакты жашап, апама ишке чыгууга туура келип шаарга келгенбиз. Ошентип апам экөөбүз батирде жашай баштадык. Ошол кезде кичине болсом да апамдын ар бир кыймылы эсимде. Уйкудан ойгонсом бетимен өөп, бекем кучактап жыттаар эле. Мага кошулуп топ, чүкө ойноп, айтор аябай көңүл бурчу. Кокус балдар менен ойноп жатып ызаланып ыйлап калсам: “Сени деген эркек деп коет, а эркектер ыйлабаш керек. Баардык нерсеге чыдамдуу жана жоопкерчиликтүү бол”-деп айтчу. Көрсө жаш бала болсоң да, андай сөздөр эсиңде калат экен.
Күн артынан күн өтүп мен да чоңойо баштадым. Апам ар дайым жумушунда болот. А мен мектептен келип үйдө жалгыз олтура берчүмүн. Ушунчалык апамдын иштен келишин күтчүмүн. Ал жумуштан келе жатканда алдынан тосуп чыгып кучактап калчумун. Апам да жөн келбей мага таттууларды, сүт азыктарын ала келчү. Биз экөөбүз абдан бактылуу жашачубуз. Азыр да бактылуубуз.
Ошондой бактылуу күндөрдүн биринде классташ балам экөөбүз мектептен чыгып үйгө кетүүгө камындык. Ошондо ал атасы алып кетээрин айтып, менин атам эмне үчүн мени алып кетпейт деп сурады. Эмне деп жооп беришти билбей “Мен чоңойдум, өзүм эле кетем”-дедим. Үйгө келип ызаланып ыйлай бердим, ыйлай бердим. Буга чейин деле антип сурагандар деле болгон. Бирок эмнегедир ушунусунда аябай ызам келди. Күндөгүдөй алдынан тосуп чыкпаганыма апам таң калып, үйгө кирип ыйлап жатканымды көрүп чуркап келди. Адаттагыдай бооруна бекем кысып, эмне болгонун сурады. Айтсам, ал “Алтын балам, ага ызаланбачы. Сенин атаң бар да. Ал абдан жакшы адам. Жөн гана ал өзүнчө жашагысы келди”,-деди. Мен ага “Апа, ал жаман адам. Жакшы болсо кетмек эмес. Бир жолу келип да койгон жок го. Неге сиз аны ар дайым жакшы дей бересиз?”-деп токтоно албай ыйлай бердим. Апам унчукпастан мени көпкө кучактап олтура берди. Бир маалда мен да ыйлаганымды токтоттум. Кайра эле апам экөөбүз тамак ичип, эч нерсе болбогондой уйкуга кеттик. Түн оокумда ойгонсом, апам ары карап алып ыйлап жатыптыр. Ошол күндөн баштап экинчи апаман атамды сурап ыйлабайм деп өзүмө сөз бердим.
Окуу аяктап, жайкы эс алуу маалы да келди. Жайында ар дайым айылга таятамдыкына бараар элем. Бул жолу да ошол жака бардым. Айыл өзүнчө бир керемет! Абасы, суусу, тоолору сонун. Ал жактан таекемдин атын минип алып ага кошулуп кой кайтарышам, тоодон ышкын терип келем. Айтор бир жыргайм. Апам болсо кайра эле иштегени шаарга кетчү. Бир күнү таенеме шоктук кылып койсом “Тартиптүү болбойсуңбу. Энең сени багам депе күнү-түнү эс албай иштеп жүрөт. Сени мага таштап күйөгө тий десем да болбойт. “Балам үчүн баарына даярмын, баламды өз баласындай бага турган адам болсо тием”- деп. А сен болсо шоктук кылып жүрөсүн. Энеңди ойлосоң боло!”-деп жини менен айтып алды. Мен да жөн турбай “Таене, атам жаман адам ээ, бир да жолу келбейт”-дей калдым. Анда таенем “ Ал көрүнгөн кызга азгырылып, энеңди таштап кеткен. Баланы алдыртып сал деп,- деп айтып алды. Мен ошондо гана атамдын эмне үчүн кеткенин түшүндүм. Буга чейин апам бир да жолу аны жамандаган эмес болчу. Таенем болсо жини менен баарын айтып койду. Мен ошондо ичимен: “Карап турсун. Чоңойюп эң мыкты болом. Ошондо таштаган балаңды көрөсүң”-дедим.
Күз келип, кайрадан окуу башталды. Болгон күчүмдү окуудан чыгарып, аракет кыла баштадым. Апамдын иши да алга жылып, өз алдынча жеке иш алып бара баштады. Мен бир күнү апама “Апа, сиз турмушка чыгыңыз, мени да аталуу кыласыз”,-дедим. Анда апам таң кала карап, “ Балам муну сана ким үйрөттү? Неге антип айтып жатасың? Сени өз баласындай көрөм деген адам табылса чыгам ээ, сүйлөштүкпү?”,-деп жылмайып койду.
Ошентип күндөр өтүп, бир күнү апам мага бир байке менен тааныштыраарын айтты. Ал адам мага абдан жакты. Экөө баш кошушуп биз ал байкенин үйүнө көчүп барып жашай баштадык. Мен ал адамды “ата” деп алдым. Анткени ал менден ата мээримин аяган жок. Өз баласындай көрүп, каалаганымды аткарчу. Биз абдан бактылуу жашап жаттык. Мурдагыдай басынбай, “атам бар” деп сүйүнүп жүрдүм. Көп өтпөй карындаштуу анан инилүү болдум.
Убакыт зымырап учуп мага мектепти аяктоо мезгили келди. Ал күнү мен атам сатып берген жаңы костюм шымды кийип алып мектепке акыркы коңгуроо майрамына жөнөдүм. Майрамга атам, апам, карындашым, иним да келди. Мектеп директору мени фамилиямды атап чакырып, кызыл аттестатымды тапшырып жатып аябай мактады. Сүйүнгөнүмдөн кудуңдап апамды карадым. Апам да көзүнө жаш алып, ушунчалык кубануу менен “ыраазымын сага” дегендей мени карады. Ошол бактылуу көз ирмемдер али да болсо эсимде. Майрам аяктап классташтарым менен мектептин алдында турсам бир кичине бала келип мага : “Байке, сизди тигил жакта бир киши чакырып жатат”,-деди. Ары жакты карасам бир адам мени жылмая карап туруптур. Жанына барсам ал адам мектептин бакчасына барып олтуруп сүйлөшүүнү сунуштады. Макул болуп бакчага бардык. Ал киши көпкө унчукпай туруп мындай деди: “Мен сенин атаңмын. Билем, мендей акмакты кечирип болбойт. Сага бир да жолу басып келген жокмун. Жаштык кылып убагында кетип калгам. Эми минтип өкүнүп олтурам. Эгер кечире алсаң кечирчи. Мындан ары катташып туралычы”,- деди. Эмне дээримди билбей дендароо болуп туруп калдым. Мен ушул күндү канча күткөм. Келсе бетине түкүрөм дегем. Бирок анткен жокмун. Себеби апам кечиримдүү болууну көп ирээт айткан эле. Көпкө туруп өзүмдү колго алдым да “Сиз мени төрөлгөнү көрбөгөн эми мектепти аяктаганда көргөнү келдиңизби? Билесизби атам жок деп канча ыйлагам, канча сөз уккам. Билбейсиз да. Себеби сиз ал учурда жыргаап жүргөнсүз. Апам болсо мени багам деп күндөп-түндөп иштеп, жанын аяган жок. Дагы жакшы багыбызга кудай жакшы адам менен жолуктуруп ал адам азыр менин атам. Мен ошол адамды гана “ата” деп айта алам. А сизге кечирим керек болсо мен кечирдим. Кечиримдүү болууну мага сиз бир убакта боюндагы баласы менен чанып таштап кеткен аял, апам үйрөткөн. Сизди “ата” дешке да оозум барбайт. Мындан ары катташа да, жолугуша да албайм”,-дедим да басып кеттим. Ал мага балааам токточу деп артыман кыйкырып кала берди.
Үйгө келсем үйдөгүлөр дастаркон жайып, мени күтүп олтурушуптур. Туугандардын баары бар экен. Ичимден сыздап, кыйналып турсам да сыр бербей олтура бердим. Ал сырды эч кимге айткан жокмун. Ошол бойдон ал мага келген жок. Келгенге батынган жок го. Келсе деле сүйлөбөөрүмдү түшүндү окшойт.
Ошондон бери мен туура кылдымбы же туура эмес кылдымбы деп ойлоно берем. Бул окуяны окугандарга айтаарым, өз пикириңерди калтырып, мага кеңеш берсеңиздер.
Ынтымак, Бишкек шаары
Мына ардактуу окурман, ар бир адамдын башында ушуга окшогон окуялар көп. Акыркы жылдары өлкөбүздө ажырашуулардын саны көбөйүүдө. Ажырашуунун себебин кээ бири эркектердин жеңил ойлуу, жоопкерчиликсиз болгону үчүн десе, кай бири аялдардын чыдамсыздыгы жоктугун, социалдык тармактардагы таанышуулардын, жетпеген жашоонун айынан деп келишет. Эмнеси болсо да эркек да ,аял да ажырашам деген ойго келгенде ортодогу баланын тагдырын ойлонушса деген гана тилектер бар.
Булак: "Oper.kg"