www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров Башкы прокуратурадан сурактан чыккан учурда журналисттердин суроолоруна жооп берди. Президент Садыр Жапаровдун ал тууралуу айткандарына комментарий берди.
"Мен Садыр Жапаров башкы прокурор, сот болуп калганын ушул күнгө чейин билбептирмин. Ал бир эле убакта тергөөчү да болуп, бардык кишилерге аныктама да коюп атыптыр. Муну маданиятсыздык, өтө чоң сабатсыздык деп эсептеш керек. Өлкө башчысымын деген киши бир аз китепти карап, окуп койсо болмок. Кылмышкер деп жалгыз гана сот чечим чыгарат. Өздөрү ошондой жол менен чоңоюп, өскөндөн кийин “элдин баары мендей болсо керек” деп ойлоп жатышса керек. Мен ал жигиттен айырмаланып солярка ташып чоңойгон эмесмин. Мен банктарды басып алып жүрүп чоңойгон эмесмин. Мен атамдын, улуу кишилердин тарбиясын алып китеп окуп чоңойгом”.
Адахан Мадумаров 17-январда Башкы прокурага эртең менен суракка барып, түштөн кийин экинчи жолу кирген. Саясатчы 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеп турганда кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу күбө катары буга чейин да сурак берген.
“Вечерний Бишкек” басылмасы 17-январда президент Садыр Жапаровдун маегин жарыялады. Анда өлкө башчы Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча Мадумаров кол койгон протоколду “чыккынчылык” деп атады. Ошондой эле ким кылмыш кылган болсо жооп бериши керектигин айтты.
“Өздөрү кылмыш кылып коюшуп, анан эмнеге Камчы (ред: УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев) экөөбүздү коркутушат. Же 2009-жылы Мадумаровду Камчы экөөбүз колунан жетелеп барып жер бердирдикпи?” - деген Жапаров.
Адахан Мадумаров 2009-жылы Ош - Баткен - Исфана жолун оңдоого жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы 5 гектар жерди тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча протоколго кол койгон. Ал кезде Мадумаров Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы болчу.
Мадумаров ал документ юридикалык күчкө ээ эмес экенин кайталап, соңку окуяларды өзүнүн саясий ишмердиги менен байланыштырып жатат.
Бийлик кыргыз-тажик чек ара маселесин чечүүдө Тажикстан ал протоколду бетине кармап жатканын билдирген.
Булак: NazarNews.kg