www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын БАЭдеги элчилиги «РИА Новостиге» Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин БАЭде жүргөнү тууралуу маалыматты тастыктаган жок. Н. Назарбаевдин маалымат кызматынын билдиргенине караганда, Назарбаев Казакстанда.

«Анын басма сөз катчысынын акыркы маалыматы боюнча, Назарбаев Казакстанда», - деп билдирди элчиликтин өкүлү.

Эске салсак, буга чейин бир катар маалымат каражаттары Назарбаевдердин үй-бүлөсүнө таандык делген эки жеке учак Кыргызстандагы «Манас» аэропортуна конгондугун жазып чыгышкан. Алардын бири Македониядан, экинчиси Бириккен Араб Эмираттарынан келген. Бир канча убакыттан кийин эки учак тең Кыргызстандын баш калаасынын аэропортунан учуп кетишкен.

Өткөн бейшембиде Назарбаевдин кичүү кызы Алия Назарбаева Facebook жана «Instagram» социалдык түйүндөрүндө окшош билдирүү жазып, өлкөдөгү окуяларга кыжаалат болуп жатканын айтып, атасын колдогон казак элине ыраазычылык билдирген. Интернет колдонуучулар байкашкандай, «Instagram» аккаунттун ээси БАЭде экенин аныктаган. Андан кийин, инттернет аккаунттар жеткиликтүү эмес болуп калган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости