www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жекшемби күнү эрте менен Токмок шаарындагы мал базарда жергиликтүү кеңештин депутаты (КСДП партиясынан) бирөөнү бычактаганы кабарланды. Окуянын чоо-жайын жабырлануучу Талантбек Жамангуловдун өзүнөн тактап сурадык.

- Окуя кандайча болуп кетти?

- 26-август, жекшемби күнү Токмоктогу мал базарга кой сатып алайын деп баргам. Тынай күтүүсүздөн эле келип бычак сайып кирди. Эмне болгонун өзүм да түшүнбөй калдым.

- Аны менен мурда аласа-бересеңиз же кандайдыр бир пикир келишпестиктериңиз бар беле?

- Жок. Тынай экөөбүз бир айылдан, Мээнеткечтен болобуз. Мурда-кийин пикир келишпестигибиз болгон эмес.

- Учурда абалыңыз кандай болуп жатат?

- Ооруканада жатам, 2 күн жандандыруу бөлүмүндө жаттым. 3 жерден бычактаган, операция болуп чыктым.

- Сизди бычактаган адам кармалдыбы?

- Кармалбай, бош эле жүрөт дешет.

Жабырлануучунун жубайы бычактаган адам Жансеитов Тынай шаардык кеңеште КСДПдан депутат болгондуктан ага эч ким тийе албашын, муну ал өзү да айтып жүргөнүн кошумчалады. Айтымында, Тынай 30 жашта, өткөөл куракта болгондуктанбы, айтор өзүн көпкөлөң алып жүрөт. Талантбек 36 жашта, 4 баласы бар, эч жерде иштебейт. Жабырлануучудан алигече укук коргоо органдарынын эч бир кызматкери кабар албаганын, бычактаган адамга чара көрүлбөй жатканын билдирди.

Маалыматтарда, Тынай Жансеитов Токмокто криминалга катышы бар авторитет, “серый кардинал” катары таанымал. Жогорк Кеңештин ксдпчы депутаты Бакыт Жетигеновдун жанжигиттеринин бири. Жетигеновдун өзүнүн да криминалга байланышы бар деген маалыматтар көп айтылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости