www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мен сени сүйбөй калбадым. Болгону өзүмдү баалаганды үйрөндүм.
Жылмаюудан көрө көз жаш артык. Анткени биз баардык адамга жылмаябыз, бир гана сүйгөн адам үчүн гана ыйлайбыз.
Кимдир бирөө атасы бай болушун самайт. А кимдир бирөө жөн гана атасы бар болуусун каалайт..
Кээде ушундай бир нерсе каалайсың, баарын кулпулап, эшик–терезени жаап, жарыкты, телефонду, интернетти өчүрүп, жамынчууга оронуп жатып уктап... Качан гана баары жакшы болгондо ойгонгуң келет...
Коркпоңуз! Сиз баарын коюп жибергенде, анын ордуна андан да жакшысы келээрин унутпаңыз!
Бүгүн кубанычтамын! Жөн гана.. А эмнеге? Өзүм да билбейм... Бирок жашоо сонун! Бул — факт.
Мени каттуу толкун, шамал коркута албайт! Бирок, бул экзамен коркунучтуудай..
Эгер жашооңузда жаңы адам пайда болуп, өтмүшүңүздү унутсаңыз, демек ал адам сиздин — келечегиңиз!
Чалбаса.. Ал сенсиз да бактылуу..
«Үшүгөн жоксуңбу? Тамактандыңбы? Бир жериң ооруп жатабы? А мүмкүн чай ичээрсиң?...» Дагы көптөгөн суроолорду бир гана эне айтат. Анткени ал нерселер энеңди гана кызыктырат.
Эң жагымдуу сөз жигит кызга:
— Кези келсе дагы бир кызды сүйөм. Ал биздин – кызыбыз.
—А сиз көңүлүңүздү оорутушса эмне кыласыз ?
— Менби? Албетте жылмайып карайм!
Аял затынын эң жакын адамы бул анын — баласы. Анткени ал энесинин жүрөгүн жанынан көргөн..
Кыйын күнүңүздө жаныңызда болгон адамды эч качан унутпаңыз!
Ойлонуунун кереги жок. Сезимде болгонун жаз!
Сен менин суук күздөгү жазымсың!
Мен кызганчаак эмесмин. Жөн гана өз бакытымды коргойм!
Акылдуу аялдын өз жашоосу болот. А акылсыз аял дайыма бирөөнүн жашоосуна аралашат.
Менин апама окшоштугумду айтышты. Бул жашоомдогу эң жагымдуу сөз.
Кээде сени адамдар унутуп коет.. Досторуң дагы... Бир жүрөк гана сени унутпайт . Ал жүрөктүн ээси — Мен.
Күнгө ишенем, ал жарык чачпай калса да. Мен сүйүүгө ишенем. Жалгыз болсом да.
Булак: NazarNews.kg