www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ильгиз Шаменов СИЗОдо ага басым жасалганын билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн жакындары аркылуу коомчулукка жеткирген катында жазган.

"Ассаламу алейкум урматтуу мекендештерим, достор, өзүңөр көргөндөй эле негизсиз, далилсиз, жасалма токулган кылмыш иши козголуп, саясий куугунтук болуп, "эл-жер" түрмөдө отурам. Эң негизги менин кармалганымдын себеби Жетим-Тоого байланыштуу деп ойлойм. Себеби Кемпир-Абадтан кийинки кезекте Жетим-Тоо турат. 

Шаменов ММКларга, депутаттарга, эл аралык уюмдарга, Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборго, КР Акыйкатчысына кайрылып, эч себепсиз абакта отурганын жана СИЗОнун кызматкерлери тарабынан кысымга алынганын айткан.

"Бул боюнча СИЗОнун жетекчилерине бир нече ирээт кайрылдым, жыйынтык жок. Ошондой эле мен жаткан камерага өз апасына 90 жолу бычак сайып өлтүрүүгө шектелип кармалган, психологиялык жактан да жабыр тарткан адамды кошуп коюшту. Эмне максатта мындай кылып жатышат билбейм. Ошол себептен коомчулукка кайрылып жатам", - деп жазган Шаменов.

Белгилей кетсек, ишкер жана активист Ильгиз Шаменов Бишкек шаардык кеңешинин Социал-демократтар партиясынан депутаты болгон. Буга чейин ал Орусияда кармалып, Кыргызстанга алынып келинген. Кийин шаардык соттун коллегиясы аны 20-декабрга чейин СИЗО-1ге камоо чечимин чыгарган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости