www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарындагы «Менин шаарым» мобилдик тиркемесинде жаңы «Түнкү каттамдар» функциясы жеткиликтүү болду.

Бул тууралуу «Санариптик технологиялар борбору» муниципалдык ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңы бөлүм аркылуу колдонуучулар түнкү убакта каттаган коомдук транспорттун каттамдарын көрүп, өзүнө ылайыктуу маршрутту тандай алышат.

Учурда түнкү каттамдарды №3, 13, 16, 19, 35, 45 жана 55 автобустары аткарат.

Белгиленгендей, функция кечинде же түн ичинде үйүнө кайткан жарандарга, түнкү нөөмөттө иштегендерге, жакындарын тосуп же узаткандарга, ошондой эле шаар конокторуна жолун алдын ала пландаштырууга жардам берет.

Кызматты колдонуу үчүн «Менин шаарым» тиркемесин ачып, «Транспорт» бөлүмүнө өтүп, андан соң «Түнкү каттамдар» бөлүмүн тандоо жетиштүү.

Последние новости