www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги көп жылдан бери чечилбей келген көйгөйлүү курулуш объекттерин мыйзамдаштыруу боюнча иштерди улантууда.

Министрликтин маалыматына ылайык, 10-июлда Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин директорунун орун басары Руслан Суракматов Бишкек шаарындагы Гидростроительный кичи районунун 1, 2 жана 10-даректеринде жайгашкан беш кабаттуу турак үйдүн жашоочулары менен жолугушту. Анда 2016-жылдан бери чечилбей келген маселе жөнгө салынып, тургундарга объектти пайдаланууга кабыл алуу актысы тапшырылды.

Маалыматка ылайык, турак үй мындан он жыл мурда «Аурдин» ЖЧКсы тарабынан курулуп бүткөн. Бирок укуктук жана уюштуруучулук себептерден улам имарат көп жыл бою пайдаланууга расмий кабыл алынбай келген. Натыйжада батир ээлери турак жайларын өз атына каттай албай, укук белгилөөчү документтерди алуу жана коммуналдык кызматтарды пайдаланууда бир катар кыйынчылыктарга туш болушкан.

Курулуш министрлиги билдиргендей, көйгөйлүү курулуш объекттерин инвентаризациялоо, укуктук абалын талдоо жана этап-этабы менен мыйзамдаштыруу иштери 2025-жылдан бери жүргүзүлүп келет. Бул багыттагы иштер министр Нурдан Орунтаевдин жеке көзөмөлүндө болуп, көп жылдан бери чечилбей келген маселелер акырындык менен жөнгө салынып жатат.

Последние новости