www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов бүгүн, 5-март тап,кыргызстандыктарды Ак калпак күнү менен куттуктады.

"Урматтуу Ош шаарынын тургундары! Ак калпакчан аталар, ага-инилер!

Ош шаарынын мэриясынын жана жеке өзүмдүн атымдан баарыңыздарды Ак калпак жана улуттук кийимдерди даңазалоо күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Ак калпактын жана улуттук кийимдердин маанисин сактоо жана сыйлоо, улуттук салтты колдоо жана элдин кыргыз маданиятына болгон сыймыктануу сезимдерин ойготуу максатында 2016-жылы 5-март "Ак калпак жана улуттук кийимдер" күнү деп жарыяланган.

Бул баш кийим кылымдардан бери Ала-Тоону, актыкты, бийиктикти даңазалаган, кыргыз мырзаларынын улуттук баш кийими, ата-бабаларыбыздын мурасы катары саналып, өзүнө терең философияны камтып келет.

Баарыбызда эле ушундай сезим пайда болсо керек, жапырт ак калпак кийген мырзаларды көргөндө көкүрөктө мекенчил сезим күчөп, кыргыз болуп жаралганыбызга сыймык артабыз. Ал эми ак калпак кыргыздын тоого жакын, ниети ак, мүнөзү курч жана бийиктикте турган эл экенин сүрөттөп берет.

Ата-бабаларыбыз аны асыл мүлк катары кастарлап келип, бүгүнкү күнгө чейин жеткирди. Биз да калпакты бийик тутуп, барктап алышыбыз, улам кийинки муунга нарк-насилин түшүрбөй калтырышыбыз атуулдук милдеттин бири болуп саналат.

Тилибиз барда улут бар, маданиятыбыз барда келечек бар, ал эми ак калпак барда кыргыз бар. Элибиздин эртеңине улуттук баалуулук, кайтпас кайрат, бийик касиетибиз аркылуу көп улуттуу элибиздин ынтымыгы жана биримдиги менен бирге баралы!

Дагы бир жолу майрамыңыздар менен!"

Булак: NazarNews.kg

Последние новости