www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын аймагында аскердик операция жүргүзүп жаткан Орусия Украинаны майдаланып бөлүнүп кетүүсүн максат кылбайт, болгону өз коопсуздугуна кепилдик алууну көздөйт. Бул тууралуу орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдиргенин Sky News Arabia жазды.

«2014-жылдагы мамлекеттик төңкөрүштөн кийин Украина нацисттик идеологиянын таасирине дуушар болду. Биз аны бул идеологиядан бошоткубуз келет. Мындан тышкары, Украинада НАТО инфраструктурасы көбөйдү, бул Орусиянын коопсуздугуна түздөн-түз коркунуч туудурат. Биз Украинанын аймагын бөлүү максатын көздөбөйбүз, бирок өзүбүздүн коопсуздугубуздун кепилдик камсыз кылууга умтулуп жатабыз», - деди басма сөз катчысы.

Ал, ошондой эле, «Европадагы коопсуздук чөйрөсүндөгү тең салмактуулуктун өзгөрүшүн» жана НАТОго мүчө өлкөлөр Украинага курал-жарак жеткирбөөнү Москва камсыз кылууга умтулуп жатканын кошумчалады.

Ошол эле учурда Песков Донецк жана Луганск Элдик Республикаларынын (ДЭР жана ЛЭР) эгемендүүлүгүн Орусия таанып, алар менен дипломатиялык мамиле түзүп, алардын алдында, анын ичинде коопсуздук жаатында да милдеттенмелери бар экенин эске салды.

Буга байланыштуу, анын айтымында, Орусия «Киевди куралсыздандыруу» боюнча чараларды көрүп жатат, анткени ал өз аракеттери менен ДЭР менен ЛЭРдин коопсуздугуна да коркунуч келтирүүдө.

Эске салсак, 24-февралда Орусиянын президенти Владимир Путин Донбасс жумурияттарынын жетекчилеринин жардам сурап кайрылуусуна жооп катары Украинага каршы согуш башталганын жарыялаган. Ал Украинанын аймактарын оккупациялоо Москванын пландарында камтылбагандыгын баса белгилеген. Согушка жооп катары АКШ, Евробиримдик, Улуу Британия жана башка бир катар мамлекет орусиялык жеке жана каптталган уюмдарга каршы санкцияларды киргизген.

28-февралда Гомель облусунда биринчи орус-украин сүйлөшүүсү болуп, жолугушуу беш саатка созулду. Орусиялык делегацияны президенттин жардамчысы Владимир Мединский жетектеп келген. Анын айтымында, делегация украин тарап менен макулдашууга жетүү үчүн канча убакыт керек болсо, ошончо убакыт сүйлөшүүгө даяр.

Экинчи тур 3-мартта Беловежская пущада өттү. Украин тарап менен жетишилген макулдашууларды Мединский олуттуу жылыш деп атады.Тактап айтканда, Москва менен Киев калк үчүн гуманитардык коридорлорду ачууга макулдашкан. Диалогдун үчүнчү айлампасы жакынкы күндөрү болоору күтүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости