www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин мэри Азиз Суракматов борбордогу ооруканаларда кычкылтек концентраторлору жетишпей жатканын айтып, ишкерлерге кайрылды.

Ал учурдагы кыйын кырдаалда керектүү медициналык жабдыктарды сатып берүүгө чакырды

“Биз ИВЛ аппараттар жана кычкылтек концентраторлору абдан жетишпей жатканын моюнга алууга мажбурбуз. Ошондуктан, чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү, меценаттар жана ишкерлерге кайрылам. Адамдын өмүрүн сактоо үчүн керектүү жардамды көрсөтүңүздөр”, - деп билдирди Суракматов.

Кыргызстанда кийинки күндөрү коронавируска кабылган жана өпкөсү кагынган (пневмония) жарандар көбөйүүдө. Ооруканаларда орундардын, жасалма дем алдыруучу аппараттардын жана кычкылтек концентраторлорунун жетишсиздиги байкалууда.

Бул жабдыктарды сатып алыш үчүн жергиликтүү ыктыярчы жарандар, уюмдар каражат чогултуп жатат.

Буга чейин премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөт Кытайдан 500 даана кычкылтек концентраторун сатып алганын кабарлаган.

Премьердин билдиргенине караганда ушул тапта саламаттык сактоо мекемелеринде 572 ИВЛ аппарат, 610 кычкылтек концентратору бар.

Последние новости