www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биринчи Май административдик районуна караштуу аймакта Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин катышуусунда Административдик-территориялык реформа (АТР) алкагында шаарга кошулган аймактардын тургундары менен ачык жолугушуу өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Иш-чарага Маевка, Тендик, Калыс Ордо, Степное айылдарынын, ошондой эле 207-МАБ, Мурас-Ордо конушунун, Дача-Суу конушу, Озерный айылынын жана Кут конушунун тургундары, шаардык кызматтардын жетекчилери катышты.

Жолугушуу маалында тургундар тарабынан бир катар социалдык жана инфраструктуралык маселелер көтөрүлдү. Атап айтканда, мектеп, бала-бакча, ФАПтардын, ошондой эле коомдук транспорттун жетишсиздиги, канализация, газ жана дренаж системаларын тазалоо иштеринин жай жүрүшү, көчөлөрдү жарыктандыруу, жөө өтмөктөрдү жана светофорлорду орнотуу, суу түтүктөрүндөгү насостордун санитардык абалы, коомдук коопсуздук жана өрт өчүрүү кызматынын жетишсиздиги боюнча суроолор жана жетигсиздиктер айтылды.

Мындан тышкары, айрым аймактарда буталган чырпыктарды 2000–3000 сомдон сатуу фактылары, Мурас-Ордо конушуна кире бериштеги авариялык абалдагы көпүрө, ошондой эле аталган конуштагы 18 көлмөнүн нымдуулук (сырость) маселеси да көтөрүлдү.

Өз кезегинде калаа башчысы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга буталган чырпыктарды акысыз берүү маселесин кароону тапшырды. Ошол эле учурда чырпыктарды сатуу фактылары боюнча тиешелүү кызматтарга иликтөө жүргүзүү жана текшерүү тапшырмасы берилди.

Жер мунапысына байланыштуу суроолорго жооп берип жатып, мэр мыйзамсыз салынган объектилер жол курууга тоскоол болгон учурда март айына чейин тиешелүү чаралар көрүлөрүн белгиледи. Ал эми жол куруу иштери 2026-жылдын март айында башталаарын маалымдады.

Ошондой эле АТР алкагында жаңы кошулган аймактарда канализация, суу боюнча иштер бекитилген планга ылайык жүргүзүлөрү айтылды. Кут конушунда 750 орундуу мектептин курулушу жүрүп жатканы айтылды.

Жолугушуунун жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев көтөрүлгөн маселелерди ыкчам жана сапаттуу чечүү максатында тиешелүү шаардык кызматтардын жетекчилерине жеринен конкреттүү тапшырмаларды берип, алардын аткарылышы жеке көзөмөлгө алынаарын белгиледи.

 

Последние новости