www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 30-январында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Кайрат Турсункулов Пакистан Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Алтамаш Вазир Хан менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-пакистан эки тараптуу кызматташтыгынын кеңири маселелерин талкуулап, 2025-жылдын декабрь айында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун Пакистанга болгон мамлекеттик иш-сапарынын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту. Ошондой эле соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук-логистикалык жана башка тармактардагы өз ара аракеттенүүнү активдештирүү маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги иш-сапарларды уюштуруу маселелери талкууланып, Кыргыз Республикасында өткөрүлө турган маанилүү иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги аспектилер боюнча пикир алмашуу болду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-пакистан эки тараптуу кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө бекем ниеттерин ырастап, 2026-жылга карата өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныкташты.

Последние новости