www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев шаардагы бир катар объектилерди кыдыруудан кийин коомдук транспорттун аялдама комплекстеринин бирине пландан тышкары барып, жүргүнчүлөр үчүн түзүлгөн шарттарды жеринде текшерди.
Текшерүүнүн жүрүшүндө объектти пайдаланууда бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Тактап айтканда, жүргүнчүлөрдүн ысыкта жана суукта коомдук транспортту күтүүсү үчүн каралган жай толугу менен коммерциялык максатта колдонулуп жатканы белгилүү болду. Мунун айынан жарандардын аба ырайынын ыңгайсыз шарттарынан коргонуп туруусу үчүн ылайыктуу орун калбаганы белгиленди.
Калаа башчысы түзүлгөн кырдаалды сынга алып, аялдама комплекстери биринчи кезекте өзүнүн негизги функциясын аткарып, коомдук транспортту пайдаланган шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыз кылышы керектигин билдирди.
Текшерүүнүн жыйынтыгында мэр Биринчи май районунун акимине мыйзам бузуулар толук жоюлуп, объект өзүнүн функционалдык багытына ылайык келтирилгенге чейин анын ишин токтотууну тапшырды.
Мындан тышкары, тиешелүү шаардык кызматтарга борбор калаадагы бардык аялдама комплекстеринин максаттуу пайдаланылышын текшерүү боюнча тапшырма берилди.