www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

113 өлкөдөн келген үч миң спортчу VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышат. Оюндардын алкагында алар спорттун 42 түрү боюнча күч сынашып, ошондой эле маданий жана илимий иш-чараларга катышышат.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эл аралык катчылыгынын жетекчисинин орун басары Белек Үсөнбековдун айтымында, быйыл оюнга биринчи жолу Австралия, Жаңы Зеландия, Алжир, Бурунди, Гамбия, Иордания, Египет, Кабо-Верде, Кот-д’Ивуар, Оман, Уганда, Эфиопия жана Түндүк Македония кошулууда.

Спорттук программага 42 дисциплина киргени маалымдалды. Жаңы спорт түрлөрүнүн арасында «тыйын эңмей» ат мелдеши, көкпар, стронгмен күч мелдеши жана омуртка сөөгүн сындыруу боюнча бурят улуттук оюну бар. Белек Үсөнбеков белгилегендей, 2018-жылы Кыргызстанда өткөн III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 84 өлкөнүн өкүлдөрү катышкан. Анда мелдештердин ар кандай аянтчаларында 50 миңден ашык көрүүчү болгон. Быйыл ар кайсы өлкөлөрдөн 100 миңге чукул конок келиши күтүлүүдө.

Эскерте кетсек, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары эки жылда бир жолу өткөрүлөт. Эсеп боюнча алтынчы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 31-августтан 6-сентябрга чейин өтөт. Оюндар биринчи жолу 2014-жылы Кыргызстанда өткөрүлгөн.

Последние новости