www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Япониянын Кюсю аралындагы Кумамото префектурасында болгон күчтүү жер титирөөдөн каза болгондордун саны 35ке жетти, дагы 120дан ашуун адам жаракат алды. Бул тууралуу АЗЕРТАЖ агенттиги жергиликтүү бийликке шилтеме берүү менен билдирди.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн кесепетинен 5300дөн ашуун турак жай электр энергиясыз, ал эми 80 миңге жакын үй таза суусуз калды.
28-июлда катталган 7,1 магнитудалуу жер титирөө Японияда акыркы жылдардагы эң күчтүү табигый кырсыктардын бири катары бааланууда.
Учурда кырсыктын кесепеттерин жоюу жана куткаруу иштерине Япониянын Өзүн-өзү коргоо күчтөрүнүн 4600гө жакын аскер кызматкери тартылган.