www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын экономикалык өнүгүү министри Максим Решетников Армениянын Евразиялык экономикалык биримдиктен (ЕАЭБ) алыстоого болгон аракети өлкөнүн экономикасына терс таасирин тийгизиши мүмкүн экенин билдирди.

Анын айтымында, ЕАЭБ Армения үчүн негизги экспорттук рынок жана стратегиялык мааниге ээ болгон ресурстардын башкы булагы болуп саналат. Ошондой эле Орусия Армениядан импорттолгон товарларды башка өлкөлөрдөн оңой эле алмаштыра аларын белгиледи.

Решетников ЕАЭБден тышкары Армения мурдагыдай эле пайдалуу шарттарда жаратылыш газын ала алары күмөн экенин айтып, «Түштүк Кавказ темир жолу» боюнча түзүлгөн келишимдер бир тараптуу өзгөртүлсө, Москва кошумча төлөмдөрдү кабыл албай турганын кошумчалады.

Последние новости