www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек мэриясынын имаратынын алдында шаар мэринин шайлоосуна нааразылык акциясы өтүүдө. Митингдин спикери Равшан Жээнбеков буга чейин КСДПдан коюлган 3 мэр соттолгонун, ага карабай дагы бир талапкерин жылдырып жатканы туура эместигин айтууда. Азиз Суракматовдун атаандашсыз шайланып жатканы демократиянын принциптерине жатпастыгын билдирди.
Жарандык коомдун атынан Калича Умуралиева, Мавлян Аскарбеков, Айбек Бусурманкулов, Аманбол Бабакулов, Өндүрүш Токтоназаров, Адил Турдукулов шайлоо өтүп жаткан жыйындар залына кирип, байкоо жүргүзүүгө сунушталды. Бирок, аларды эшик тосуп турган милиция кызматкерлери киргизбей турат.
Мунун айынан Равшан Жээнбеков менен милиция кызматкер кайым айтыша кетти. Ичкериден уруксат суроого кирген полковник, уруксат алалбай чыкты, жарандык коомдун шайлоо процессин мониторинг жүргүүсүнө уруксат берилген жок.
Булак: NazarNews.kg