www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шаар тургундарын коомдук транспорт менен камсыз кылуу долбоорунун алкагында европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкынын насыялык жана гранттык линиясынын негизинде Бишкекке жаңы троллейбустар алынып келди.

Маалыматка ылайык, сатылып алынуучу 37 троллейбустун бешөө Бишкекке келди, дагы төртөө бир жума аралыгында келип калат. Орто кабаттуу жаңы троллейбустар жүз кишиге ылайыкташкан, отуруучу орундардын саны 27, эшиктеринде майыптар үчүн пандус дагы орнотулган. Бир троллейбустун баасы 122 миң евро турат.

Коомчулук бул өтө кымбат деген сын-пикир айтууда, Мэр Албек Ибраимов жакшы эле аракет кылып иштегендей болуп жатат. Эгер троллейбус сатып алууда ТЭЦтеги чырдай окуяга жол берилсе, былыгы эртең эле билинип калат. Мына ушул жагдайды көңүлгө алып, ак иштесе деген тилек.

Булак: “Фабула”

Последние новости